Самара Каримова тун уулу Барсбек ырдап жатканда эмнеге күлдү?

Жакында ырчы Данияр Эрматов Ош шаарында жеке концертин өткөрүп, ырчы Самара Каримованын тун уулу 7 жашар Барсбек да биринчи жолу сахнага чыгып ырдады.

Ырчы Самара айымдын уулу Барсбек ырчы Данияр Эрматовду кумир тутаарын далай жолу ММК булактарында айтылган.

Ал эми Самара айым уулу Барсбек Данияр Эрматовдун ырларын жаттап ырдап, чачынын жасалгасын, кийимдеринен бери окшоштурууга аракет жасаарын айтты.

Данияр Эрматовдун жеке концертинин экинчи күнүндө Барсбек так эле кумирине окшошуп кийинип, чач жасалгасын да ошондой жасап, экөө чоң сахнада бирге ырдашты.

Барсбек көзүн жумуп, образга берилип ырдап жатканда апасы Самара Каримованын күлгөн видеосу интернетке тарады. Видеону көргөндөр “уулу ырдап жатса эмнеге күлөт?” деп сындаганга да үлгүрүштү. Бирок Самара Каримова уулунун мынчалык образга кирип ырдаарын күтпөгөнүн төмөнкүчө түшүндүрдү күйөрмандарына: «Тааныштар, күйөрмандар чалып «бүгүндөн баштап мен Барсбектин күйөрманы болуп калдым» деп жатышат. Ошол эле учурда менин күлгөнүмдү туура эмес дегендер бар. Сынга көнүп калгам. Күлкүм — уулумдун мен күткөндөн да берилип ырдаганынан чыкты, бул аны шылдыңдоо эмес, өзүмдөгү жагымдуу сезимдердин күлкүсү болду», — деди.

Эскерте кетсек, ырчы Самара Каримованын тун уулу Барсбек быйыл 1-класска барат, бир нече музыкалык аспаптарда ойнойт, ырга, бийге абдан кызыгат. Ал эми ырчы Данияр Эрматов менен дуэт жаздырып, клип тарттырууну кыялданаарын кошумчалады ырчы айым.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу