Бүгүн, 10-апрель ырчы Самара Каримованын өздүк майрамы. Ырчы Самараны сахналаш достору куттуктап, андан сырткары уулу Барсбек өздүк баракчасына «Апаке туулган күнүңү менне»-деп куттуктаган. Эске салсак, ырчы айым 1991-жылы 10-апрелде Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген.
Ал эми Самара Каримова өздүк баракчасына : “Түнкү саат 00:00 дөн баштап канча куттуктоолор келип жатат. Ар бир куттуктоо үчүн чоң рахмат. Эң биринчи сүйүктүү ата-энемдин майрамы. Мага жашоо тартуулаганыңыздар үчүн таазим сиздерге. Аллахым буюрса атамдын эмгегин, апамдын ак сүтүн актаймын. Мага кандай жакшылык кааласаңыздар мен сиздерге 100 эсе көп жакшылык каалаймын. Жүрөгүм — мээримге, сүйүүгө толо. Баарыңыздарга жетет. 28-жашым, 28-жазым кош кел! Мен сени сүйөм өмур!
Урматым менен Самара Каримова”, -деп билирген.
БУЛАК: argument.kg