Самара Каримова менен Анжелика эркекке айланып…

9-майдан тарта Snapchat мобилдик тиркемесинде жаңы образ пайда болуп, анын жардамы менен шоу бизнестеги көптөгөн айымдарыбыз өздөрүн мырза болсо кандай болоорун коомчулукка сунуштап жаткан кези.

Алардын арасында КР эмгек сиңирген артисти Самара Каримова өзүнүн эркекке «айланган» образын инстаграм баракчасына жүктөп, «Сулуу кыз, таанышып албайлыбы» деп кыздарга тийишип жатканын  комментарийлерден окууга болот.

Ал эми  ырчы Анжелика Кайратовна да четте калбай, баракчасына видео жүктөп «Анжелика мырза болгонда, көп кыздарды ыйлатмак» деген оюн айткан.

БУЛАК: kalys.media

Аргумент.kg
Жооп калтыруу