Самара Каримова интернеттен миллиондон ашык каражат табабы? Кантип?

Кандай гана сын айтылбасын ага “сынып” калбаган, сахнада өзүн татыктуу алып жүргөн КР эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Кыргызстандагы бай ырчылардын катарын толуктаары маалым.

Ал Кыргызстанда биринчилерден Инстаграм баракчасында миллион катталуучусу бар болгон.

Самара Каримова Инстаграм ага киреше алып келүүчү негизги булак экенин айтты:

«Инстаграм учурда эң популярдуу социалдык түйүн болуп калды. Инстаграм аркылуу жарнама боюнча аябай көп сунуштар түшөт. Бирок мен сапатына кылдат карап, анан макулдашам. Анткени менин окурмандарым мага карап алышат. Мындан улам косметикалык каражаттарды саткан фирмалар, кийим-кече, бут кийим саткан дүкөндөр, кездеме саткан дүкөндөр менен иштешем. Мисалы, бир эле дүкөндүн кийимин же башка бир товарын Инстаграм баракчама жайгаштырып, башкы бетке койсом (сторис) 300 доллар болот. Ал эми Казакстан, Орусиядан дагы сунуштар түшөт. Көбүнчөсү Казакстандан болот. Чет өлкөнүн жарнамасы болсо 500 доллар. Эгерде 6 айдан 1 жылга чейин иштешип калсак, анда жарнаманы улам жаңылап турам. Ал үчүн 10 миң долларга чейин каражат алам. Белгилүү дүкөндөр менен иштешсем тынбай жарнамалап турам. Менин киреше булагымдын бири Инстаграм деп айта алам. Мен Инстаграмдан тышкары Фейсбук, Одноклассники социалдык түйүндөрүн дагы иштетем», — дейт ал.

Эгерде он миң долларды сомго которгондо ал бир нече миллион сом каражат табаары белгилүү.

Эскерте кетсек,учурда Самара Каримованын Инстаграм баракчасында 1 миллион 400 миңден ашуун катталуучусу бар. Ал эми уулу Барсбектин Инстаграм баракчасына 22 миңден ашуун адам катталган.

Эми уулу да апасындай болуп Инстаграмдан каражат табуусу алыс эмес.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу