САЛЯНОВА ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ БЕРБЕЙ КОЙГОН ЖООКЕР САБАЛГАН

ЖКнын жыйынында депутат Аида Салянова 2014-жылы 18-сентябрда резиденцияны кайтарган Улуттук гвардиянын жоокерине кол салуу болгонун билдирди.

Айтымында, жоокерден ошол кезде Башкы прокурор болуп турган Аида Салянованын кайда жашарын, кайсы жол менен жүрөрүн сурашкан.

“Улуттук Гвардиянын жоокери жаракат алып, ооруканада эсине келген. Резиденцияга ким кол сала алат? Эмне үчүн бул иш боюнча эч кандай реакция болгон эмес? Бул окуя мен кызматтан кетер алдында болгон. Ушул иштин жыйынтыгын айтыңызчы” ,-деди Индира Жолдубаевага кайрылып.

Башкы прокурор бул факт боюнча эч кандай маалыматы жок экенин айтып, ошол кезде Башкы прокурор болуп тургандыктан Салянова өзү деле кылмыш ишин козгосо болмок экенин кошумчалады.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу