Салянова менен Шыкмаматов мандаттарынан ажыраса, алардын ордуна кимдер келет?

Алдыңкы күндөрү «атамекенчи» эки эл өкүлдөрү Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Саляновага карата буга чейинки чыккан райондук соттун чечимин жогорку инстанциялар бекемдеп беришсе, мыйзам боюнча депутаттык ишмердүүлүктөрү да токтотулмакчы. Тизме боюнча бошогон орундарга депутаттык мандатты саргара күтүп отурушкан экс-депутат Ташполот Балтабаев менен БШКнын экс- төрайымы Клара Кабилованын келиши күтүлүүдө.

Партиянын оош-кыйыш күндөрүндө түйшүктү партлидер Текебаев менен бирге тарткан Ташполот аксакалга го кеп жок, а береги Клара Кабилованы билесиңер да? БШКны бир кездери бурала башкарып турган бу айым КурСалиевичтин доорунда «Максим Бакиев мени өлтүргөнү жатат» деп айгай салган боюнча чет өлкөгө кире качкан. 2010-жылдагы 7-апрелден кийин түнү менен Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө телефон чалып, Кыргызстанга келип, эми тыңып, аты-жытын өзгөртүп, депутат болгонго ашыгууда. Эски ре­жим тушунда кылгылыкты кылып, түштөн кийин фамилия, атын которо коюп, бийликке ашыккан бу айымдын айлакерлигине баракелде! Көрдүңөрбү, морал, уят дегенди эркектер эле эмес, азыр айымдар да уруп ойнобой калышкан.

Айтмакчы, Текебаевдин бошогон мандаты Искендер Гаипкуловго ыроолонордо, «Ата Мекен» партиясынын айрым мүчөлөрү ич ара интрига кылышып, «күңк-мыңк» эте коюшкан экен, анысы камактагы партлидерге угулуп калып, ал каарданган тейде «Искен шайлоодо бизге түштүктөн опол тоодой күч берген, ал мандатты алганга акылуу» деген бир ооз кеби менен партиясындагы ички интриганы токтоткону каңкууланууда.

А апта башында «Ата Мекен» фракциясынан тизме боюнча депутаттык бактысын саргара күткөндөрдүн бири, ИИМдин экс-полковниги Алымжан Козубаев (Ташполот Балтабаевдин күйөө баласы) өзүнүн берген арызынын негизинде тизмеден чыкканын БШК расмий билдирди. Кыязы, кайнатасы жакында депутат болсо, келечекте атасы менен бир фракцияда талашып-тартышып турганды каалабаса керек. Эске салсак, Ко­зубаев өткөн президенттик шайлоодо «РАЖга» өтүп, Өмүрбек Бабановду колдоп жүрүп, дагы жаңылып калган эле…

Ийгилик Болсунбаев

Булак: Азия Ньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу