Салтанат Бакаева, казак актрисасы: «Апаке, сен ушундай айсың, адемисиң” деп балдарым комплимент айтышат”

 Актриса Салтанат Бакаеванын турмуш ирмемдери .

“Эң кызыгы , биз күйөөмдүн үйүндө таанышканбыз”

— Мурда мен ишенимдүү түрдө чыгармачылыгымды, карьерамды биринчи орунга коём деп айтаар элем. Азыр болсо балдарымдын апасы, күйөөмдүн сүйүктүү жубайымын. Көз карашым таптакыр өзгөрдү. Ар убак өмүрлүк жолдошумдун колдоосу болбосо, иштей да, ырдай да алмак эмесмин деп ойлойм. Эң кызыгы , биз күйөөмдүн үйүндө таанышканбыз. Мени менен чогу театрда иштеген кайын сиңдим Дарья Жусуп үйүнө түштөнүүгө алып барып, таанышып, жылдызыбыз келишип турмуш курдук.

— “Жакшы келин болдумбу , болбодумбу..?

— Мен “жакшы келин болдумбу, болбодумбу?” -деп өзүмө суроо узатам. Кээде бизде той-топур же дагы башка маанилүү күндөрдү гастролдоп кетүүгө туура келип калат. Мындай кундөрдө мен үйдө чай куюп отурушум керек эле. Бир чети ойлоном, биздин замандын келиндери чай куюууга да, баарына жетишиши керек. Ошондо балким жакшы келин деп айтууга болот. Кандай болсо да кайын журтум мени түшүнөт. Ар убак чыгармачылыгымды колдоого алышат.

БУЛАК:АЗИЯnews

Аргумент.kg
Жооп калтыруу