Салкын: «Курбум экөөбүздү бирдей зордуктап жашообузду талкалады…»

Атым Салкын. Учурда 43 жаштамын. Айылда төрөлүп өстүм. Бирок жашоом «жипке тизген шурудай» болгон жок. Кичине кезимден ата-энем жок, ар кимдин колун карап, туугандардын «оту менен кирип, күлү менен чыгып» өстүм. Атамдын алысыраак тууганы менин 9- классымда үйдө жеңесине жардам берет, өзүм көз салып окутуп алам деп айылдан борборго алып кетти. Жеңем мени өз кызындай кабыл алып, жетишпеген нерселеримдин баарын жеңем менен атамдын байкесинен тапкандай болдум. Жаным тынч алып, окуудан артта калып калдым эле, мугалим жалдап окутушуп мени адам катарына кошту. Ошентип алардын балдарына кошулуп, аларга эркелегенди үйрөндүм. Турмушта запкы тартып адамдардан көңүлүм калган жаным өзүмдү эркин сезип жетимчилик менен кош айтыштым..

Менде эми баары бар болчу. Мен каалаган ата-эне, бир туугандарым баары менин көзүмдү карашат. Эми гана бактылуумун деген кезде курбу күттүм. Ал менен сейилдейбиз, сабактарга бирге даярданабыз деги койчу биздин күндөр кызыктуу өтүп жатты. Бир күнү окуучуларга арналган кече болду. Мен үйгө шашылып кетейин деп камынсам, курбу кызым да сен жок эч бир жерге батпай кетем бирге кетели деп калды. Экөөбүз жолго чыгып такси күтүп турсак, алдыбызга машине келип токтоду ичинен жашы өтүп калган байкени көрүп эч нерсе оюбузда жок таксиге олтурсак, машина жүрүп баратканда байкенин мас экенин билдик. Унчукпай келе жатып эле биз айткан дарекке жеткени калганда бурулуп кетти. Биз түшүнбөй калдык. Токтотуңуз биз ушул жерден калабыз деп чаңырып калдык. Катуу ылдамдыкта айдап бараткандыктан эшикти ачып качып кете алган жокпуз. Бир маалда ээн жерге алып келип токтоду да курбумду чачынан сүйрөп көздөн далдоо жерге алып кетти. Чаңырып бараткан курбумдун үну чыкпай калды. Анан мени жулкулдатып сүйрөп жөнөдү. Мен болгон үнүм менен кыйкырсам, жакын жерден курбу кызымдын онтогон үнүн уктум «ал айткан нерселерди кылсаң бизди тирүү коё берет экен»- деди. Мен болбой эле каршылык көргөзүп жатсам мени башка бир учтуу нерсе менен урду өзүмдү жоготуп койдум.

Өзүмө келсем, уйпаланган курбум менин айланчыктап тургуза албай ыйлап жаткан экен. Экөөбүз тең бизге эмне болгонун түшүнбөй ден дароо абалда туруп калдык. Ата-энелерибизге болгон окуяны айтуудан тартынып биздеги «сыр» бойдон калсын деген чечимге келдик. Ошентип жакын жерде жайгашкан арыктагы сууга жуунуп, бир аз тазаланып үйлөрүбүзгө кирип кеттик. Ошол окуядан кийин экөөбүз тең мурдагыдай жүзүбүздө күлкү жок ойго батып санааркап жүрдүк.

Арадан убакыт өтүп курбу кызым экөөбүз тең турмушка чыктык. Мен өзүмө окшогон жетим баланы тандадым. Жашообуз ойдогудай уланып 3 кыз 2 уул тарбияладык. Ал менин зордукталганым жөнүндө ушул күнгө чейин билбейт. Менден да байкуш курбумдун жашоосу татаал болду. Ал келин болуп түшкөн үйдө баягы бизди зордуктаган адам алардын улуу агасы болуп чыкты. Ал ошол адамдын жүзүн көрбөйүн деп күйөөсү менен ажырашты. Ата-энеси удаа каза болуп жашоосу заматта тозокко айланды. Ушул кезге чейин өзүнүн ызаасын баса албай ичимдик ичип келет. Мен анын тагдырын көрүп ошол кезде ата-энелерибизге айтканда курбумдун жашоосу азыркыдай болбойт эле деп өзүмдү жемелейм…

Кантип курбума жардам бере алам. Кеңеш бериңиздерчи..

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу