Салидинас: «Таанымал болгон мага жагып жатат…»

Салидинас жаңыдан сахнага аралашып жаткан таланттуу кыз. Анын чындыгында таланттуу экенин аз убакыт ичинде миңдеген күйөрман чогулта алганынан билсек болот. Интернеттин заманында инстаграм аркылуу жаштардын сүймөнчүгүнө айланып, жаштар эле эмес, улуу муундагы адамдар дагы анын талантына суктанып жаткан учур. Бул маекте ырчы кыз биздин суроолорубузга жооп берип, өзү тууралуу маалымат берди.

-Салидинас, ысымың өзгөчө экен. Бул сенин паспорттогу атыңбы? 
-Жок, бул менин чыгармачылыктагы каймана атым десем болот. Толук аты-жөнүм Салиева Диана. Өзүңүздөр байкагандай, «Салидинас» деген аталыш фамилиямдын, атымдын тамгаларынын кыскартылышынан келип чыккан. Анан аягына «С» тамгасын өзүм кошуп койгом. Ойлонуп отуруп ушундай ат менен чыгууну туура көрдүм.

-Азыркы чыгып жаткан жаш ырчылардын кээ бири музыкалык билими жок болсо деле ырдай беришет, сенин бул жаатта билимиң барбы? 
-Мен учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетинин эстрадалык вокал бөлүмүндө 2-курста окуйм. Кыргыз Эл артисти, опера ырчысы Анарбек Ибраев агайдын тарбиялануучусумун. Албетте, музыкалык билим сөзсүз керек. Бирок чындыгында билими жок туруп билим алгандардан да жакшы ырдагандар кездешкенин көрүп эле жүрөбүз.

-Бул кесипти кандайча тандап калгансың? Окууга тапшырарда «азыр экинин бири эле ырчы, башка кесипке окуюн» деген ойлор болдубу?
-Ооба, университетке тапшырарда көпкө ойлондум. Мага журналисттик кесип дагы жагат. «Музыкалык билим алсамбы же журналист болсомбу?» деп ойлонуп, акыры баары бир ыр дүйнөсүн тандап алдым. Жүрөгүң эмнени көбүрөөк кааласа, ошого баш ийет экенсиң да. Билбейм, эмнегедир жан дүйнөм музыканы, ырдоону дайыма каалап турат.

-Анда ырга болгон шык ата-энеңден өтсө керек сага?
-Жок, кызыгы, ата-энем чыгармачылыкка таптакыр тиешеси жок адамдар. Атам кесиби боюнча юрист. Шартка байланыштуу азыр жеке бизнеси менен алектенет. Апам болсо чач тарач адиси. Бирок азыркы учурда үйдө. Анткени кичүү сиңдим төрөлгөнүнө аз эле убакыт болгондуктан, бала багуу менен алек. Ата-энем айтып калышат, «чоң апаң жакшы ырдачу, сага талант ошол кишиден берилген го» деп.

-Ата-энең бул кесипти тандооңо кандай карашты? Адатта көпчүлүк ата-энелер «ырчылык олуттуу кесип эмес» деп каршы болушат го…
-Чынын айтканда, атам менен апам мага бул жагынан такыр чектөө койгон жок. Кесип тандоодо акыркы чечимди кабыл алуучу өзүм болдум. Ата-энем колдоо сөздөрүн айтып, материалдык жактан жардамын аябай, батасын бергенден башка жаман айтышкан жок. Бул үчүн аларга рахматымды айтам.

-Байкашымча, эрке кыз көрүнөсүң. Кайсы жердин кызы болосун? Канча бир тууганың бар?
-Ооба, эркелигим бар. Ата-энеме каалашымча эркелейм. Бирок үйдүн кичүүсү эмес, улуусумун. Жашым 21де. Бишкекте төрөлүп-өскөм, ал эми кичи мекеним – Алай. Менден кийин 16, 11 жаштагы эки иним, анан 3 айлык сиңдим бар.

-Негизи, чоң сахнага канча жашыңдан баштап чыга баштагансың? 
-Мен Бишкектеги №64 мектеп-гимназиясында окугам. Ал жакта «Ак шоола» балдар хорунун филиалы бар. 3-класста окуп жүргөндө кастинг болуп калды. Ошол кастингден өтүп кетип, ошондон тартып эле чоң концерттерде ырдап, сахнага чыгып, чет өлкөлөрдө өтчү сынактарга катышып, 11-классты бүткүчө эле «Ак шоолада» ырдап-бийлеп, тарбияландым.

-Сенин музыкалык билимиңдин түптөлүшүнө «Ак шоола» чоң таасир берген экен да?
-Албетте, ал жактан бир гана музакылык билим албастан, жүрүм-турум, этика, адамдар менен кантип сүйлөшүү керек, сахна адамы кандай баалуулуктарга ээ болуш керек, мына ушул жагынан дагы «Ак шоола» мага турмуштук чоң мектеп болуп бере алды.

-Ырчы Эрлан Андашев менен орус ырчысы Ирина Шотт ырдап чыккан «Жаным» аттуу дуэтти кайталап ырдап чыккандан кийин эле эл оозуна алынып, үнүңдү баалагандар көбөйүп, популярдуулугуң арта түштү. Бул алдын ала ойлонулган идея беле?
-Бул ырды интернеттен кокустан угуп калып аябай жагып калды. Анан группалашым Урматка чогуу ырдап көрүү сунушун айтсам, ал дароо макул болгон. Бул жерде эч кандай деле «ушул ыр аркылуу популярдуу болуп кетели» деген ой жок болчу.

-«Авторлордон дагы жакшы ырдашыптыр» деген ойлор айтылып жатат. Буга кошуласыңбы?
Балким ошондой чыгар. Аны эл баалап айтпаса, өзүмдү өзүм кантип мактайм? Группалашым деп жаткан Урмат Токомбаев «Асман» проектисинин 2-сезонунун жеңүүчүсү экенин билебиз. Ал экөөңөрдү кыз-жигит экен деп дагы жүрүшөт.

-Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
-Экөөбүз бир группада окугандыктан, дайыма чогуу жүрөбүз. Ортодо достук гана мамилебиз бар. Анын үстүнө агайыбыз Анарбек Ибраев «экөөңөр ырдаганда үнүңөр төп келишип калат. Эгерде кийин ушул тандемде ырдап чыксаңар сонун дуэттер жаралат» деп айткан. Ошондон кийин эле ырларды чогуу аткарып интернетке киргизүүнү адат кылып алганбыз. Ошол себептүү дайыма чогуу жүрөбүз. Элдин биздин мамиле тууралуу ою дагы ушундан улам жаралса керек.

-Дарегиңе айтылган мактоолор менен катар сындарды деле угуп жаткандырсың?
-Албетте, сынсыз адам өспөйт да. Негизи, сын угуп турсаң жакшы жыйынтык берет экен. Көбүнчө «бирөөлөрдүн ырын ырдай бербей, өзүң жаңы ыр жаздырсаң болбойбу?!» деген сыяктуу сындар айтылат. Ошон үчүн азыр репертуарымдын үстүнөн иштеп жатам. Жакында эле сөзү, обону Бек Борбиевге таандык «Мен сүйгөн карагат» аттуу ырым клиби менен чыкты. Буюрса, алдыда дагы жаңы чыгармаларды сиздерге сунуштайм деп турам.

-Азыр эмне көп, ырчылар көп. Ошолордун көлөкөсүндө калып калам деп ойлобойсуңбу?
-Жок. Себеби мен бир гана ырчылыкты максат катары көздөбөйм. Мен үчүн эң негизгиси ырчылык эмес. Келечекте өз ишин мыкты билген музыкалык педагог болгум келет. Алган билимимди, тажрыйбамды окуучуларга үйрөтүп, мугалим болсом дейм.

-Руслан Акундун «Салам, Нью-Йорк!» тасмасында баш каарман Баатырдын карындашынын ролун аткарыптырсың. Бул киного кандайча тартылып калгансың?
-Фильм тартылып жаткан учурда кастинг жарыяланган. Ошол кастингге катышып, тартуучу топ бир канча кыздын ичинен мени ушул ролго ылайык көрүп тандап алышкан.

-Кээ бир ырчылар жаңы чыгып келатканда жөнөкөй болушат дагы, кийин жылдызы жанганда бой көтөрүп калышат. Сен «жылдыз оорусуна» кабыла элексиңби?
-Көчөдөн жаштардын мени таанып, сүрөткө түшүп алууну суранып жатышкандары мага жагып жатат. Кээде тойлорго дагы чакыруулар болуп калат. Бирок бой көтөрбөйм. Ырчы болсо эле көкөлөп кетүү туура эмес го.

-Той деп калдың, тойлордо канча ставка менен ырдап жатасың?
Мынча акча алышым керек деп талап койбойм. Той ээсинин көңүлүнөн чыккан акчаны алып кете берем. Бербей койсо деле таарынбайм.
Сенден жаңы ырларды күтөбүз, чыгармачылыгыңда өсүштөр болсун

БУЛАК: Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу