Саламат Садыкова: “Тың чыкмалар тыржыйышып бөлүнбөсүн!”

Кыргыз Республикасынын эл артисти Саламат Садыкова жан дүйнө жаңырыгы, жашоонун ачуу-таттуусу тууралуу маңыздуу пикирлерди көп жазат.

Ал: “Азыркы жаңырган ааламдашуунун алкагында, канчалык көрмөксөнгө салган сайын, өз элине өзү өгөй, өчөгүшкөн тайыздык, беймаани, орой, тили да суук, дили жетим арсыз адамдардын көбөгөйгөнү өкүндүрөт. Адептүүлүк, ыйман, ызааттан куржалак калган, кабанаак итче үрүп чыга калчу, адам адамга айгак жетесиздердин улуу кичүүгө карабай оозу менен орок оргон адепсиздик кенен кесир аалам төрдүн желесинде арсылдашат. Байыркы Кыргыз адеп маданиятында, куйма кулак элдин сөздү кастарлаган, кунарсыз бийик үлгүсүн жоготуп баратканыбыз өкүндүрөт… Көөдөнү бош адам жарты адам дешет биликтүүлөр. Жараткандын кудурети Адамдарга ыймандын жолун багыттаса экен…”,- деген пикирин жазып, элди ойлонтту.

Ал эми эки күн мурда “Ырыс толгон кесебиз чайпалбасын! Тың чыкмалар тыржыйышып бөлүнбөсүн! Биримдиктин кабыргасы сөгүлбөсүн!”- деп жазып, өзүнүн ажарлуу сүрөттөрүнүн бирин койду.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу