САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИ ЖАРНАМАНЫ КОЮП ДАРЫНЫН БААСЫН КӨЗӨМӨЛДӨСӨ

Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарегине далайдан бери сын айтылып, айтылуу Дары-дармек департаментинде бир далай коррупциялык иштердин бети ачылып, өлкөдө сапатсыз дарылардын саны арбын болуп, жада калса базарларда ачык асман алдында дарылардын сатылып келгенин ким тана алат?

Бүгүн болсо баарын бүтүрүп койгонсуп эми дарыларды интернетте жарнамалоого тыюу салып, интернеттеги жарнама менен күрөшкөнү жатыптыр. Кыргызда “Алыбай алына жараша” деген жакшы сөз бар эле. Анын сыңарындай министрлик дагы алына жараша иш кылса болот эле.

Дүйнө жүзүн каптап, элдин баарынын көңүлүн бурган интернетте жана социалдык түйүндөрдө дарыларды жарнамалоого чек коюу мүмкүн эмес экени айдан ачык эле маалым эмеспи.

Ансыз деле теле аркылуу кеткен жарнамалардын 90 пайызы дары-дармектерге байланыштуу экенин депутат Наталья Никитенко айтып, мыйзамда так механизмдер жазылбаганын билдирди.

Депутат айым Саламаттыкты сактоо министрлигинде жана башка мамлекеттик органдарда интернеттеги жарнамаларды көзөмөлдөө үчүн кандай ресурстар бар экенине кызыкты.

“Кантип күрөшөсүңөр? Бул глобалдуу тармак да. Административдик айыппулду ким төлөйт? Силер коррупцияга жол ачып жатасыңар”,-деди эл өкүлү.

Никитенконун сөзүндө чындык бар. Себеби жарнаманы көзөмөлдөп жатабыз деген шылтоо менен ар кимди “баса калып”, айыппул төлөтпөй эле жең ичинен пара алгандар болбойт деп ким кепилдик бере алат?

Министр Талантбек Батыралиев жарнама менен күрөшүү керек дегенден башка жарытылуу сөз айтып, интернетти кантип көзөмөлгө алса болорун так түшүндүрүп деле бере алган жок.

Мыйзам жазып, сунуш берерден мурун депутаттар тиешелүү маселени бир карап коюшса, Жогорку Кеңешке келип алып баш тырмап, депутаттардын берген суроосуна жарым-жартылай жооп берип, кат түрүндө жооп беребиз, сунушуңузду эске алабыз деген сыяктуу шылтоолор менен кутулуп кеткен кургур өкмөт мүчөлөрү көбөйдү.

Ал эми министр мырза болсо дарылардын баасын, анын сапатын көзөмөлдөп алып андан соң жарнама менен күрөштү баштаса да бир жөн эле…

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу