Сакалы өрттөнгөн Дастан Сарыгуловго эмне жетпейт?

Дастан Сарыгулов атпай журтка аты таанымал аксакал. Аксакал болбой куруп кал, карыганда калжаңдап төнкөрүш кылып бийликке келем деп айыбы ачылып ит болгон жайы бар. Айныган чал деген атка конду. Аткени менен акылы жетик киши катары астрономия, тарых, адабият, санжыра, орнитология айтор кылып жүргөн иши менен алек болуп, ардактуу эс алууда жүрө берсе болмок. Убагында чоң кызматтарды аркалады. Күйөө баласы А. Акаевдин жардамы менен алты жалатпаса да, алтындын чаңынан бүркүп хансарай салдырды. Бул кишиге эмне жетпейт? Тарыхын казып, теңириңе сыйынып, санжырасын айтып жүрө бербейби дейм да. Дүнүйө кургур кээ бир кишилерди сугалак кылып жаратат тура. Маселен, Д. Сарыгуловдун ченегис байлыгы бар. Бирок бул кишиге бийлик жетишпейт экен.

Ошондон улам”атан төө мас болсо, тайлак менен дос болот” дегендей жалаң журтбузарларга кошулуп алып бийликти күч менен басып алуунун планын иштеп чыгышты. Тилектери таш каап, ал ортодо абийирлери ачылып, сот жообуна тартылышты. Бирок Д. Сарыгулов жаш курагын бетине кармап: “төрүмдөн да көрүм жакын болуп калды” – деп, ден-соолугун шылтоолоп догурунуп жүрүп үй камагына чыгарылган. Акыры убагында мамкатчы болуп жүргөн Д. Сарыгулов сот тарабынан 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган (мамкатчы болгондун көбү соо эмес окшойт А. Мадумаров баш болуп башкалары деле бул чалдан алыс кете алышпайт).

Айтор аксакал деген адамыбыз көпчүлүктүн көз алдында сакалы өрттөлүп, айныган чалга айланды. Кызыгы, чал үйүндө жатып тажаганбы же чындап эле айыккыс болуп айныганбы айтор, жетимиштин кырын ашты деген “аксакал” ажо С. Жээнбековго кат жолдоп, жазган катында “мени мыйзамсыз соттошту, комиссия түзүп ишимди кайра карап, актап-жактап бер деп талап койгон. “Эгер антпей турган болсоң, мен да ачкачылык жарыялайм” деп ачык эле догурунуп коркутууга өттү. Уруусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат ушул белем. Айтор чунак чалдын ачкачылык жарыялайбыз деп шоу кылып жаткан төңкөрүшчү өнөктөнүнө кол кабыш кылайын деген арам ою билинип калды. Баса, жазган катында “Президенттин сот ишине кийлигишпейт” деп келатып эле, тескери ушатып калганы кызык болууда. Чалды оюна койсо президент “булар төңкөрүшчү эмес, туура эмес соттодуңар” деп сотторду жазага тартуусу керек дейт окшойт. Неси болсо да Д. Сарыгуловдун амандыгын тилейли, болбосо мындай адамдар сейрек кештешет.

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу