Садыр ШЕР-НИЯЗ, «Ата- Мекен» фракциясынын ЖК депутаты: «Депутаттык менен чыгармачылыкты эриш-аркак алып кетүү кыйын»

— Садык мырза, эң оболу гезитибиздин жалпы окурмандарынын атынан элүү жылдык торколуу тоюңуз менен куттуктап кеткибиз келет. Элүү жаштын белинде чыгармачыл адам катары өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

— «Элүү  жаш» деп айтылганы менен бул кадимки эле күн да. «Мынча жыл» деп эстегениң эле болбосо, турмуш өз жолунда улана берет. Албетте, өткөн-кеткенге сереп салып, «эмне иш жасадым, эмне пландар ишке ашты, эмнелер ишке ашпады?» деген сыяктуу ой жүгүртүүлөр болот экен.

— Депутат болгондон кийин чыгармачылыктан бир аз алыстап кеттиңиз окшойт?

— Негизи эле эки-үч жумушту кошо алып жүрүү оор. Уюштуруучулук жумуш болсо, аларды кошо алып жүрсө болот. Ал эми чыгармачылык жумуш болсо, баш-оту менен киргенди талап кылат. Чыгармачылыкка өтө бийик деңгээлде мамиле кылыш керек. Депутаттык менен чыгармачылыкты эриш-аркак алып кетүү — бул кыйын го.

— Келечекке кандай пландаыңыз бар?

— Мен мамлекеттик кызматтарымды санабай эле коёюн, аны санагым деле келбейт көп учурда. Коомдук жумуштарымды айтып кетсем, «Айтыш» коомдук фонду түптөлдү, «Калемгер» адабий клубу жаш жазуучуларга бир топ жардам бердик. Кинонун өсүшү үчүн «Айтышфильм» кинос-тудиясын түптөдүк. «Манас» кинотеатрынан баштап кинопрокатты өйдө көтөрүүгө аракет кылдык. Манасчыларды көтөрүүгө жардам бердик. «Кыргызстан — кыскаметраждуу кинолор өлкөсү» фестивалын, Лос-Анжелесте Азиянын дүйнөлүк кино-фестивалын уюштуруп, ошолордун баары жакшы иштеп жатат. Кино алдыга өстү, мында «Айтыш» комдук фондунун чоң эмгеги бар деп ойлойм. «Курманжан датка» фильми тартылды. Эпикалык масштабдагы кыргыз кино тарыхындагы бир чоң, бараандуу чыгармага айланды десек болот. Дагы кино тартайын деген планым бар. Негизи эле мен ойлоп калам, отурган жерде айтып да жүрөм, Манасты тартуунун баштапкы этабын башташ керек. Бул эртеби-кечпи тартылат. Албетге, баарын бир камтыган кино жаратуу мүмкүн эмес, ага каражатыбыз да жетпейт. Бирок, «Манастын бала чагы», «Тайторунун чабышы» деген сыяктуу бөлүктөрүн тартып башташ керек деген оюм бар.

Аттокур ЖУМАЕВ

БУЛАК:Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу