Садыр Жапаров кайрадан абакка кайтты…

Камактагы саясатчы, мурдагы депутаты Садыр Жапаров апасы Хадижан Максутованын акыркы сапарга узатуу зыйнатынан кийин кайра камакка кайтты. Жеринен кабарлаган Урмат Акунов, “Садыр Жапаровдун абалы жакшы, тилекке каршы көпкө сүйлөшө албадык, Жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин жетекчилиги Жапаровго 24 саатка гана уруксаат бергендигин айтты”, деп билдирди.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров Жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин жетекчилигинин уруксаты менен Ысык-Көл областына караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылына 9-мартта апасынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышып кетти.

Белгилей кетсек Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митингди уюштуруп, мурдагы губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен  11 жыл, алты айга камакка алынган.

Учурда Садыр Жапаровдун соттук ишин кайрадан кароо 23-апрелге белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу