САДЫР ЖАПАРОВ ВЕНАСЫН КЕСИПТИР

Экс-депутат, «Мекенчил» партиясынын тең төрагасы Садыр Жапаров 25-мартта чек арадан камакка алынган. Эмнегедир сот тергөө мөөнөтү аяктаганча №СИЗОго камоо чечимин чыгарган. Ал жактан Акыйкатчы Кубат Оторбаев №47 калонияга которууга аракет кылаарын айткан. Бүгүн эртең менен Садыр Жапаров венасын кесиптир деген маалыматты угуп, анын жакындарынан тактоого аракет кылдык. Жубайы Айгүл  Асанбаева «Садыр венасын өзү кескенин же бирөөлөр кескенин билбейбиз. Таңкы бештен бери №47 калонияга келгенибиз менен кире албай, эмне болгонун биле албай жатабыз» деди. Ошондой эле «Садыр антип венасын кесип, сына турган, андай кадамга бара турган адам эмес эле. Ал өжөр болчу» дейт жубайы Айгүл. Ар таптуу кыйноолорго чыдабай ушундай кадамга бардырганын же башка бирөөлөр венасын кесип, аны Садыр Жапаров өзү кести деген маалымат таркатып жатышканы боюнча азырынча маалымат жок.  Бирок, коомчулукта Садыр Жапаров  «Кумтөрдү» эл аралык сотко берем, үч жарым миллиард доллар өндүрөм  деген аракети  үчүн ушундай күнгө, башкача айтканда болуп көрбөгөндөй кыйноого туш болуп жатат деген пикирлер бар.

Булак: factor.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу