Садыр Жапаровду соттогон судья кызматынан жогорулады

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна шайлоо үчүн КР Президенти тарабынан сунушталган талапкерлигин жактырды. Аны депутаттарга КР Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды.

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, Жогорку соттун судьясы кызматына сунушталган талапкер Жогорку Кеӊеш тарабынан шайланып, парламентте ант берген соӊ, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу