Садыр Жапаровдун адвокаты Башкы прокуратурага кайрылат

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов анын ишиндеги жаңы жагдайларды иликтөө өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрыла турганын «Азаттыкка» билдирди. Ал Бишкек шаардык прокуратурасынын «Жапаровдун ишинде жаңы жагдай жок» деген чечимине макул болбой жатат.

Адвокат ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу тууралуу өтүнүчүнө шаардык прокуратурадан 3-январда жооп алган.

Анда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 3-декабрдагы «Жапаровдун ишинде жаңы жагдай жок» деген чечимин бузууга негиз жок экендиги белгиленген. Буга чейин Шарабидин Токтосунов «сотто Садыр Жапаровдун күнөөсү далилденбей эле чечим чыгарылган жана күбөлөр кыйноо менен көрсөтмө беришкен» деген негизде ишти кайра иликтөөнү суранып, сотко жана прокуратурага кайрылган.

Алты жыл мурда «Караколдогу митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган Садыр Жапаров он бир жыл алты айга кесилген. 2018-жылдын июнунда Жогорку сот ал боюнча мурдагы соттун чечимдерин күчүндө калтырган.

Садыр Жапаров муну бийликтин куугунтугу катары баалап, «соттор саясий буюртманы аткарып жатышат» деп билдирген.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу