Садык Шер-Нияз: «Парламенттен эле 2 миллион сом берсеңер, калганын таап алабыз»

ЖКнын депутаттары бүгүнкү жыйында Ысык-Көлдө кинофестиваль өткөрүп турууну бир  добуштан колдошту. «Ата Мекен» партиясынын депутаты Садык Шер-Нияз кыска метраждуу кинолордун өлкөсү деген иш чараны коомдук эле уюмдар өткөрүп келет. Бизде бул иш чара өткөрүлсө, жаңы шарттар жана мүмкүнчүлүктөр ачылмак,- дейт эл өкүлү.

Ал эми депутат Каныбек Иманалиев айрым өлкөлөр кино тармагына эки миллион же андан ашык сарпташса, биздин өлкө 40 миллион сом акча каражатын сарптайт. Мына ушундай аз акча каражаты бөлүнүп жатканда дагы, биздин кино тармагында иштегендер ушундай бийик деңгээлге жетип жатат, — деди. Бизге акча эмес, бизге сыймык керек. Кыргыз Манасы жана киносу менен таанылган, — дейт депутат.

Депутат Мирлан Жээнчороев Ысык-Көлдө кинофестивалын өткөрүү демилгесин колдой тургандыгын белгиледи. Өкмөт өз каражатын бөлүп берүүсү керек, — дейт ал.

Эске салсак, жакында эле Садык Шер-Нияз тарткан кино Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыкты алган.

Мыйзам долбоору кабыл алынды, эми буюрса, КМШдагы Эл аралык деңгээлде өтүүчү кинофестивалы Ысык-Көлдө өтүп турмакчы.Бул мыйзам долбоорун 112 депутат бир добуштан колдоду.

Жазгүл Урмамбетова,

Аргумент.kg
Жооп калтыруу