Садык Шер-Нияз: Ишенсеңер ишенгиле, фестивалыбызга Анжелина Жоли өзү келди (сүрөт)

Ушул күндөрү АКШнын Лос-Анджелес шаарында өтүп жаткан Азия фильмдеринин бүткүл дүйнөлүк фестивалына (Аsian World Film Festival) Америкалык кино жылдызы жана режиссер Анжелина Жоли катышты. Бул тууралуу аталган фестивалдын негиздөөчүсү кинорежиссер, коомдук ишмер Садык Шер-Нияз өзүнүн facebook баракчасына жазды.

«Ишенсенер ишенгиле, ишенбесенер жок. Анжелина Жоли фестивалыбызга өзү келди. Келмек түгүл баары менен таанышып, чай ичип, чер жазыша сүйлөшүп кетти», — деп жазат Садык Шер-Нияз.

Фестивалга катышкандыгы тууралуу Анжелина Жоли дагы өзүнүн Твиттер баракчасына жазып, сүрөттөрдү жарыялаган.

Азия фильмдеринин бүткүл дүйнөлүк фестивалы Азия өлкөлөрүндөгү мыкты фильмдерди эл аралык аренага алып чыгуу максатында 3 жыл мурда негизделген.

Анда Япония, Түркия жана Орусиядан тарта Индияга чейинки 50 өлкөнүн фильмдери көрсөтүлөт.

Фестивалдын алкагында кыргыз киносунун күндөрү дагы уюштурулган. Анда кыргызстандык кинорежиссерлор Эрнест Абдыжапаровдун  “Саякбай”, Актан Арым Кубаттын “Кентавр”, Таалайбек Кулмендеевдин “Мунабия” жана башка фильмдер көрсөтүлөт.

Кинофестивалдын калыстар тобунун курамында белгилүү кино ишмерлери, Оскар сыйлыгынын ээлери Дэвид Сайдлер, Жан-Марк Валле, Бобби Мореско, ошондой эле, Голливуд жылдыздары Стивен Сигал, Филипп Мартинез жана башкалар бар.

Аталган фестиваль 25-октябрда башталып, 2-ноябрга чейин уланат.

Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу