Садык Шер-Нияз, «Ата-Мекен» фракциясынан ЖК депутаты: «Кыргыз тилин өнүктүрүүгө бөлүнгөн акчалар дайынсыз жоголууда…»

Садык мырза, өкмөттүн отчетун угуп жатканда маданияттын азыркы аба- лына каңырыгыңыз катуу түтөдү эле. Андан кийин бул багытта кандайдыр бир жылыштар байкалдыбы? — Бир сөздөн кийин эле өзгөрүп кетсе жакшы го… Жасала турган, комплекстүү чече турган аябай эле көп иштер бар маданият тармагында. Көп иштер бар… — Биринчи кезекте эмнени жасаш керек дейсиз? — Чынында баары эле биринчи кезекте чече турган маселелер. Бирөөнү айтсаң бирөө калат. Бирок, эгерде мамлекеттин алы жетпей жатса, аз гана тыйын менен оңдоп койсо боло турган жактар деле бар. Мисалы, айтыш, кино өнөрү коомдук колдоо менен эле өнүгүп калбадыбы. Ошол сыяктуу эле жазуучуларды деле колдосо болот. Ага көп деле акчанын кереги жок. Ансыз деле кыргыз тилин өнүктүрүүгө олчойгон акчаларды бөлүп атабыз. Бирок ал каражатгар дайынсыз иштерге жумшалып кетүүдө. Менин билишимче, жакында эле 200 млн. сом акча бөлүндү. Бирок, ‘ага канчалык майнаптуу иштер жасалат, мен билбейм. Кыргыз тилин биз эмнеден билебиз? Байдылданын, Алыкулдун, Жусуптун ырларынан, Мукайдын, Мидиндин,Токомбаевдин, Айтматовдун, Жакыпбековдун, Касымбековдун чыгармаларынан. Демек, ошол тарап абдан керектүү да. Ага анчалык көп акчанын кереги жок. Эң негизгиси, көңүл. Чыгармачыл адамга биринчи кезекте жакшы сөз керек. Ошондон тоёт. «Менин жазганымды эл окуса экен, бааласа» деп жазат чыгармасын. Акчанын артынан кубалаган чыгармачыл адамды мен көрө элекмин. Акча үчүн жазса баары бизнеске кирип кетпейт беле? — Өзүңүз дагы продюсерлик кылып жатасызбы? — Ооба. Бир жаш режиссерге жардам берип атам. Эмил Атагелдиевдин «Кел» аттуу көркөм фильми жакында экранга чыгат.

Керим МУРАС

БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу