Сагинбаева «сайрай» баштадыбы?

Ыйык Орозо айында кыргыз саясаты катуу кызыды. Батукаевди өлкөдөн чыгарып жиберген мурунку бийлик өз элинин бетине шалп этип эле түкүрүп салган эмес беле. Ошол кылыгы 6 жылдан бери ачыкталбай, жабылуу бойдон калып келген. Жаңы бийлик унутта калып келе жаткан кылмыш ишти жандандырып, Батукаев өлүп кала турган диагноз койгон дарыгерлерден баштап, вице-премьер-министрге чейин укурукка илип, четинен камай баштады. Эл дагы ушуну күтүп жүргөнү ырас.

Мурунку Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева дагы дал ушул иш боюнча камалган болчу. Кечээ аны сот үй камагына чыгарды. Сагинбаеванын үй камагына чыгарылганы боюнча Башкы прокуратура “Тергөө менен иштешүүгө макул болду” деп билдирүү таратты. Бул Сагинбаева баарын “сайрап” бергенге макул болду деген эле сөз да. Саламаттыкты сактоонун мурунку министри баарын ачык айтып берсе, Азизди кол булгалап узаткандардын тизмеси кыйла эле узарат го.

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу