Сабыр МУКАНБЕТОВ, саясат талдоочу: “Атамбаев КСДПга акчасын коротсо, башкалар канын, жанын берип салым кошту!»

— Сабыр байке, КСДП партиясындагы ажырым тууралуу пикириңизди билели деп телефон чалып жатам. 3-апрелде “Атамбаев-сиз КСДП”кыймылынын демилгеси менен чакырылган сьезд болгону жатса, 6-апрелде Атамбаев өзү демилгелеген съезд болгону жатат. Коомчулук ичинде ар кандай кептер айтылып,“бул рейдерство, Атамбаевден партиясын тартып алып жатышат”деген пикирлер да бар. Сиз кандай дейсиз?

— Эгер сен экөөбүз акчанын, бийлик структурасындагы тааныштарыбыздын күчүнө салып, өзүбүздүн эч тиешебиз жок болгон бирөөлөрдүн мүлкүн, банкын же акционердик коомун басып алсак, ошону рейдерчилик дейт. Ошондо экөөбүз рейдер болобуз да… Ал үчүн бизди кылмыш жоопкерчилигине да тартса болот. Анткени биз сырттан келип атабыз. Чоочунбуз. Ал мүлктү жаратуучулардын катарында болгон эмеспиз, акционер эмеспиз. Биз шарттан пайдаланып эле күчкө салып өзүбүзгө эч тиешеси жок бирөөлөрдүн “огородуна” кирип аткан болуп атпайбызбы. А бул жерде андай эмес, эч кандай рейдерчилик жок. Эч кандай сырттан келген чоочун адамдар жок. Баары, эки тарабы тец ошол партиянын мүчөлөрү. Ошондуктан, бул, орусча айтайын — “внутрипартийная” разборка. Большевик, меньшевик болуп бөлүнүп чабышып атышпайбы… КСДП бийликке жеткенче биримдикте болуп, бийликке жеткенде ич ара бөлүнүп-жарылып кеткен партиялаштар, “эшеги ылайдан еткенден кийин” карабай кеткен жетекчилигинин бийликте тургандагы жосунсуз жоруктары, элге кылган кыянатчылыгы, жанына ууру-кескини жыйып, коррупциялык иштер менен шугулданганына кыжырлары келип, төңкөрүш кылып партия лидери Алмазбек Атамбаевди катарларынан кууп жатат. Жер-жерлердеги жергиликтүү бөлүмдөрүндөгү партиялаштарынын дээрлик көпчүлүгү, политсоветинин үчтөн экиси, фракциясындагы 38 депутаттын 30дан ашыгы, айтор баары КСДПнын лидерине каршы чыгып, Атамбаевдин жанында бирин-экин, жеке кызыкчылыгын кездеген, акчасына азгырылган адамдар гана калып, Атамбаев “меньшевиктерди” жетектеп калды. КСДПсыз кыймылды баштаган Сагынбек Абдырахманов жана жогорудагы аталган тараптар колдоого алып, биригип большевиктер болуп, 3-апрелге съезд дайындап, күн тартибине биринчи маселе катары партия лидеринин акыркы алты жылга отчетун угабыз деп жатышат. Меньшевиктерди да чакырганын жарыялашты. Келишсин, отчет берсин.

 

-Анда КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Сагынбек Абдырахманов менен Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылгандыгын кайталагандан тажабай,“алар мүчө эмес, партиядан чыгарылган, алардын съезд чакырганга акылары жок, съезд легитимсиз”деп жатышын кандай түшүнөбүз?

 

— Сагынбек Абдырахманов, Иса Өмүркулов жана дагы бир топ КСДПнын мүчөлөрүнүн партиядан чыгарылгандыгы тууралуу маалыматтар чыкканы бар. Бирок ошол партиядан чыгарылгандар андай чечимдерге “бул легитимсиз чечим дешип” макул болбогондору да жарыяланган. Ал “партиядан куулгандар” кезинде сотко кайрылышпаганынын себебин ал кезде Атамбаев сотторду толук көзөмөлдөп тургандыгы менен түшүндүрүп келишкен. Кезинде коомчулук бул маселеде партиядан мыйзамсыз куулгандардын аргументтерин туура деп тааныган. Анткени эл билчү, соттор кимге көз каранды экендигин. Анан убакыт өттү, заман өзгөрдү. КСДПнын саясый кеңешинин 34 мүчөсүнүн 23ү, же үчтөн экиси Сагынбек Абдырахманов, Иса Өмүркулов анан дагы бирөөнүн партиядан чыгарылгандыгы тууралуу чечимдерди легитимсиз катары жокко чыгарышты. Себеби КСДПнын уставында көрсөтүлгөндөй саясый кеңештин жөнөкөй көпчүлүгү, же 34 мүчөнүн жарымы, 17+1 катышпай эле Алмазбек Атамбаев менен Фарит Ниязов экөө алты жети саясый кеңештин мүчөлөрү менен жыйын өткөрдү кылып эле будамайлап чечим чыгара бергендиги ачыкка чыкты. А бул жерде, Сагынбектерди саясый кеңештин үчтөн экиси колдоого алып, калыбына келтирип жатпайбы. Андыктан аларды чоочун, КСДПга тиешеси жок деп айткан туура эмес. Меньшевиктердин арга кеткендеги сөзү да.

 — Ошентсе да коомчулук ичинде, “КСДПнын ушу даражага жетишине Алмазбек Атамбаевдин салымы чоң, кыйын кезеңдерде каржылап сактап келген, партиясын тартып албай эле коюшса болмок, өзүлөрүнчө эле партия түзүп кетишсе болмок” деген пикирлерди айтып жаткандарга не дейсиз?

— Атамбаевдин салымы жок дей албайбыз. Ал КСДПны өргө да тартты, көргө да тартты. Атамба ев КСДПга акчасын коротсо, башкалар миңдеген жөнөкөй партиялаштары — канын берип, жанын берип салым кошту. Акча кымбатпы? Кан кымбатпы же жан кымбатпы? Канын, жанын бергендер кайда, азыр? А Атамбаевиңер акчасын миң эселеп кайтарып алды го? Ошол “пушечный мясо” ролундагы катардагы партиялаштар колдоп турбаса бийликке келет беле? Атамбаев миллиардарга ээ болот беле? Андыктан, биздин кыргыздын кемтик менталитети менен партия дегенди — калтадагы печать, жентельмендик набор катары карагандарга мен кошула албайм. Ким партия түптөсө ал жөн гана негиздөөчү болоорун билиш керек. Ал жеке менчик фирма же кооператив болбойт. Ар бир партия элге таянат, элге кызмат кылам дейт, эл мүчө болот мамлекет каттайт. Любой партия элге мамлекетке таандык десек жацылышпайбыз. Ошондуктан ирилешип, жанагы 300дөй партия жоюлушу керек. Саясый аренада АКШдагыдай эле 4 же 5 таасирдүү партия калышы керек.

-Эми,“болоору болду, бойоосу канды…” дегендей, бизде партиялык курулуш ушундай, куску келтирерлик формада өнүгүп кетти. Коомубуздун дэңгээли ушу экен, колубуздан келбеди… Кандай дейсиз, бул маселени эми ким жөнгө салып, оңдошу керек?

— Жалпы элибиз ойлонуп аракет кылуучу маселе. Бирок биринчи кезекте буга, партиялык курулуштун кыйшык жолдон чыгарууга бийликтегилер жоопкер. Бизде жалпы эл тарабынан шайланган президент бар. Парламент бар. Ошолор ушул маселе үстүндө тыкыр ойлонуп жол баштоосу керек. А бизде кандай болуп атат? Баары тетири… Кайсы бийлик келбесин “ар ким өз көмөчүнө күл тартат” деген заман уланып келе жатат. Мына азыркы бийлик, азыр ушуну -партиялык курулушту колго алсын, “баланчанын партиясы, түкүнчөнүн партиясы” дебей, баары мамлекетте катталган, Кыргызстандын партиясы деп мамиле кылып, иргеп кыскартчуусун кыскартып, белгилүү идеяларга негизделген, ирилештирилген партияларды калтырып, буга чейинкидей кыйшык жолго салчу алешемдиктерди токтотуп, оң жолго салсын! Албетте парламент менен бирдикте. Ансыз кыйын. А то, мурдагыдай улана берсе адилеттүүлүк келбейт, демократиялык нормалар орнобойт, заман оңолбойт, элдин турмушу жакшырбайт.

— Акыркы суроо. “Атамбаев болгон үчүн гана КСДП КСДП болуп келген, эми Атамбаевсиз бул партиянын күнү бүтөт, өлөт, тарых саркындысына кетет”-дегенге кандай карайсыз?

— Бул суроого жогоруда бир аз кайрылдык. Атамбаевдин, анан жөнөкөй, карапайым партиялаштардын салымы тууралуу жакшы эле айтылды. Партиянын негизин түзгөн көпчүлүк, жергиликтүү бөлүмдөрдөгү партия мүчөлөрү лидерден түзүлүп, өзүлөрүнчө бөлүнүп жатса, Алмазбек Атамбаевге жанында калган төрт-беш кишиси менен кандай партия, кандай келечек? Атамбаев партиялаштарынын, элдин ишенимин жоготту! Бакыт кушу учуп кетти, ошону мойундап, көчүгүн кысышы керек. Мына Акаев кетти, “Алга Кыргызстан” партиясы өлдү. Бакиев кетти “Ак жол” партиясы өлдү. Атамбаев кетти, эми анын колунда калса КСДП да өлөт. Адмресурс жок болсо, эл жийиркенип турса, партиялаштарынын баары кетип калса, ким кол-дойт, да ким шайлайт? Ошону түшүнгөн партиялаштары: “Атамбаевден арылып, тазаланып, партияны сактап калалы”-деп атканын түшүнүшү керек да. “После меня хоть потоп” дебей, “өзүм өлсөм да КСДП деген партия тирүү калсын, элге кызмат кылсын, мен кара жерге кирейин, ит болдум!” — десе, Кудай алдында, эл алдында күнөөсү жеңилдейт болчу, аз болсо да!

Булак: Нургазы Анаркулов, “Майдан.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу