Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер: “Атамбаев өзүн жарым кудай сезип жүрдү. Эми аны кудай жазалады”

– Сабыр байке, узун кепти улайлы. Бүгункү күндө бүйүрдү кызытып, кулакты түрдүруп аткан маселе, баягы эле эски бийлик менен жаңы бийликтин тиреши болуп жатпайбы… Мыңа Алмазбек Атамбаев өзүнө тиешелүү“Апрель” ТВга экинчи ирет маек куруп эфирге чыкты. Кандай таасир калтырды деп ойлойсуз?

– Баягы эле, актануу, өкүнүү, кекенүү… Башка эчтеке жок. Кайталоо. Болгону, “өткөн президенттик шайлоодо жаңылыпмын”-деп Сооронбай Жээнбековду тандаганына катуу өкүнүп, элден кечирим сурамыш болуптур. Эл болсо, “андай болсо ырас эле жаңылыптыр” -деп, учурдагы президентти колдоп жатканын гана көрүп турабыз. Кеп чыныңда Атамбаев президенттик шайлоодо гана жаңылышпастан, бийликте отурган 7 Жылдагы кадрдык саясаты толук жаңылыштыктардан турган десек деле болот. Аңткени ал тарапташтарды, колдоочуларды тандоодо элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан өзүнүн жеке кызыкчыдыктарын алдынкы орунга койуп алган. Ал тандаган атка минээрлер да жеке өз кызыкчылыктары үчүн анын шарттарына “ляппай” деп жүрүшүп, башынан бак тайганда баса беришти. Андан башкача болмок да эмес.

Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кийин, “мен кыйындыгымдан тактыга жеттим -деп, өзүн өзгөчө, акылдуу сезип, башкалардың баарын өзүнөн томон сезип, аларды каалагандай калчап, алдап, коркутуп, камап башкара бергенге болот деп ойлоп, өзүн  “жарым Кудайдай” алып жүрдү.  Мен баарынан акылдуумун, баарын алдап жинди кылып коём”- деп ишенип алган адамды дени карды соо деп айтууга болобу?

Жамуханын жан жөөкөрлөрү анын колу-бутун байлап, Чынгызханга алып келгенде ал, ошол жан-жөөкөрлөрдүн башын алдырган. Ошондо башы алынуучулар “о-оо Чынгызхан, бул не кылганың, биз сенин душманыңды кармап бердик го?”- дегенде, Чынгызхан эмне деди эле? “Силер өзүңөрдүн ханыңарды саттыңар, кези келгенде мени деле көз ирмебей ту-сатасыңар”- деп баштарын кыйдыртып салган эмеспи? А биздин эл башчы сөрөй кандай кылды, ким биринчи саткынчылык кылып, өз лидеринин “көчүгүнө суу куйса”, ал менин досум, аны мен өз тизмеме кошуп алам!”- деп, жалаң саткынчы, ууру, моралдык туруктуулугу жокторду чогултпадыбы. Бүгүн алар көнгөн адаттары боюнча “жалай турган” жаны обьектиге ооп кете беришти. Кыйын кезеңде колдогондор болсо, эбак, андайлардан мурда түңүлүшкөн. Анан кимге таарынат? Өз колу менен жазаганды өз башы менен тартып атат?

Бүгүн биз, жалпы эл Жогорку Кенештин (ЖК) ишине ичи чыкпай, депутаттарыбыздын өлө-сөлү экенине нааразы болуп жатабыз. Андай абалга ким жеткизди эле? Алмазбек Атамбаев жеке кызыкчылыгы үчүн коомдун моралдык жактан жабыркашына да кайыл болду го. Эки жүздүүлүктү, саткынчылыкты туу туткузуп, ЖКдагы саясый сойкулуктун эпидемиясынын очогу болуп берди. “Жаңылып атамбы, кийин ушу кылгандарым өз башыма муш болбойбу, элибиздин рухуна доо кетсе кандай болот?”-деп ойлогон жок.

Оюна койсо, -“дагы да тарапташтарды чогултсам, кайра бир шанс алсам, көрсөтөт элем!”, деген түрү бар. Аны эми ким ээрчийт? Жада калса тиги, алты жылда алдап-салдап чогулткан аморалдуулары да түңүлүп, андан качып атса. Аны Кудай жазалап атат! Ага эч ким кошулбайт, уурдалган акчаны самандай сапырган менен пайда жок.

-“Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын жер-жерлердеги жыйындары ызы-чуу менен коштолууда. “Ата Мекен”фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “рейдердик” деген сыяктуу мүнөздөмө берди. Адил Турдукулов, Эдил Байсалов, Равшан Жээнбеков сыяктуу саясатчылар да бул кыймылдын иш-аракеттерин жактырбагандай баа беришип,“Атамбаевди партиясы менен, жайына коюшпайбы”деген сыяктуу пикирлерин билдиришти. Сиз кандай дейсиз?

– Эгер сен экөөбүз барып эле “Текебаевсиз Ата – Мекен” деген кыймыл түзүп, дырылдай баштасак ошондо Шыкмаматов “рейдерчилик” десе окшошот. Анткени экөөбүздүн ал партияга эч тиешебиз жок. Мүчө эмеспиз. А бул жерде башка кырдаал. КСДП бийликтеги партия. Ошол партиянын ичинде ажырым болуп, экс-президент менен азыркы бийликти колдогондордун ичиндеги талаш.

Бул талаш Сагынбек Абдырахманов жана ага окшоп партиядан сүрүлгөндөрдүн эле ызы-чуусу эмес. Ачык чыккылары келбеген менен КСДПнын бүгүнкү күндөгү депутаттарынын көбү, башка структураларда КСДП тарабынан келип кызматта отургандар, лидерди колдогулары келбей, андан көңүлү калган жер-жердеги партиялаштары бул кыймылга тымызын да, ачык да колдоо көрсөтүп жаткандыктан бул маселе кабыргасынан коюлуп, күн тартибинен түшпөй турат.

КСДПнын Жогорку Кенештеги депутаттарынын көбү, жана ошондой эле башка КСДПчылардын көпчүлүгү мындан аркы саясый ишмердиктерин ушул эле партия менен улантып, КСДП деген брендди сактап калгылары келип жатат. Ошол эле учурда партияны өз жеке менчик кооперативиндей кабылдаган Алмазбек Атамбаев жана анын жанындагы үч-төрт жан-жөөкөрү менен акчага сатылган аз сандагы “пиаршиктери” да партияны өзүлөрүндө сактап калгылары келип жатат.

Чын-чынына келгенде партиянын көпчүлүк мүчөлөрү лидердин кылык-жоруктарына тоюп бүтүшкөндүктөн (лидери бийликтен кеткендиктен дагы), “Атамбаевди четтетмейинче КСДПнын абройун калыбына келтирүү мүмкүн эмес” – деп эсептешип, ошон үчүн лидерге каршы кыймылды колдоп жатышат. Андай колдоо болбогондо, курулай энтузиазм менен Сагынбек Абдырахманов мынчалык ызы-чуу сала алмак эмес. Колдоо болгону үчүн ал “жер менен баспай, учуп жүрөт”! Андыктан, бул кырдаалга эч кандай “рейдерчилик” деген термин коошпойт. Бул кадыресе ички партиялык разборка. Бийлик партиясы болгондуктан гана коомчулуктун бүйүрү кызып атат.

Соңку жаңы тарыхыбызда мындай печать талаш көп эле болгон. Топчубек Тургуналиев, Текебаев, Турсунбай Бакир уулу ж.б. өз ара партия талашкан. Бизден да кезегинде КДК деген брендди тартып алып, партия кылып кетишкен. “Тартып өпкөн жел өпкөн, сурап ичкен суу ичкен” дегендей мындай тартыш ар дайым эле ийгилик алып келе бербейт. Элдин көйгөйүн алдыга койгон, элдин колдоосу бар тарап эле женип, ийгиликтерге алып келбесе…

Мисалы Атамбаев жеңип, печатты калтасына салып алса кандай болот? “Джентельменский набор” иретиндеги 200 партиянын бирине айланып, маргиналдашып кетиши толук мүмкүн. Анткени анын коррупциялашкан ири долбоорлорун көрүп, эл жүзүн үйрүп калды. Эл колдобойт го? Колдогондо деле кимди алып келет? Өткөндө алып келгендерин көрдүк, түгөл сатып кетишти. Эми кимди чогултат, тизмесине? “Досуман өч алышым керек” дегенден башка программа жок болсо. Ким колдойт? Уурдалган акчаны сапырганга кызыккан, арам ойлуулар эле топтолот, топтолсо…

Андыктан Адил Турдукулов менен Эдил Байсаловдун КСДПга кайдыгер мамилеси, Атамбаевге жан тарткансып турушканы, менин оюмча туура эмес. КСДП керек болсо, башкаларга караганда ушул экөөнүн партиясы эмес беле. Ал экөө балким, бул партияга “акыр-чикир” толуп кеткендиктен бойлорун ала качып жаткандыр… Бирок азыр КСДП жаныланганга шанс алып турганда булардын сыртын салып турганы туура эмес… Азыр ал экөөнүн жолун тосо турган эч ким жок. Билегин түрө киришишсе партияны тазалоого активдүү киришип, керек болсо жетекчилине шайланып, башкарганга да шанстары бар. Ал эми Равшандыкы белгилүү, ал “Ата – Мекенге” кайтып бара албайт, ал айтор, бирөөгө кошулушу керек, ага шайлоого акча керек, ошон үчүн Атамбаевди колдойм деп атат да…

– Коррупция маселесине да кайрыла кетели. Мына кечээ, мурдагы вице-премьер Зилалиев, транспорт министиринин орун басары Жусубалиев камалды, Мурдагы бажы башчысы Адамкул Жунушалиев Бакунун аэропортунда кармалып, алынып келе жатат. Айрым талдоочулар дагы депе коррупцияга каршы күрөш тандалмалуу түрдө жүрүп жатат деген пикирди билдиришүудө. Ушу маселе боюнча кыскача ойюңузду билдире кетсеңиз. Сиз кандай ойдосуз?

– Коррупция маселеси боюнча талкуу көп. Расмий билдирүүлөр, журналистик иликтөөлөр, шок фактылар жетиштүү. Тынымсыз жүрүп атат. Ошондуктан, мен, өзүң айткандай кыскача эле токтолойун. Биринчиден, жакынкы күндөрү солгундап бараткансыган иш солк этип жанданып, пессимистик маанайдагылар тыйыла түштү. Бирок алар кайра эле эртен улантышат. Анткени коррупцияга каршы иштер чындыгында эле канагаттандыраарлык деп айтуу кыйын. Укук коргоо органдары чабалдык кылып жатканын айдан ачык. Алардын арасында “саботаж” кылып, жеке кызыкчылыктарын канагаттандырып жаткандар бар экендиги тууралуу маалыматтар ЖМКларга чыгып жатат. Бул бекеринен эмес.

Коррупция менен алектене турган органдардын ишине президенттин деле ичи чыкпай жатат дегенге толук негиз бар. Себеби жыйынтык жок. Экс-президент цифраларды салыштырганда каяша айтуу кыйын болуп атпайбы…

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы өз оюн ачык-айкын билдирген. Биз коррупционерлерди жийиркене карап, алар киреерге жер таппай, башын жерге салып, жердин катуулугунан гана калгансып жүрүшү керек эле да. Мен ойлогом  “прокуратура, бажы, салык, ж.б.  майлуу-сүттүү органдагылардын  баары  жумушка  минген  жолтандабастарды  сатыка чыгарса джиптер өтпөй арзандайт го-оо?” -депчи… А бирок, биздин аткаминерлердин уяла турган түру жок. Унаа токтоткон жайлар баягыдай эле джиптерге толуп турса ким ишенет?

Кечээ Канышай Мамыркулова деген белгилүү журналист карындашыбыз аябай жакшы демилге көтөрдү. Стоянкаларды сүрөткө тартып… Эми ушуну мамлекет колго алса болбойбу? Кыйын деле ищ эмес го? Ведомстволордун ички коопсуздук кызматтарына тапшырма берип, “кайдан, кайсы кирешене алдың машинени” деп сурап, доверенность менен айдап жүрсө, “кайсы услугаң үчүн тууганың айлап-жылдап сага карматып койду” деп сураса болбойбу? Маселени бир жаңсыл кыла албаган жетекчилер кызматтан алынаарын айтып мөөнөт белгилесе болбойбу?

“Коррупцияга каршы күрөш коомчулуктун жардамысыз ишке ашпайт”- деп, президент жардам сурады, ал демилгени колдоп чыккандардын сунуштарына жеткиликтүү көңүл бөлүнбөй жатканы байкалууда… Көңүлкош мамиле болуп, иш оң жагына жылбаса, эл кантип бийликтин чын дилден айтканына ишенет?

Андыктан, мен ойлойм, чукулдагы Коопсуздук Кенешинде бул маселе кабыргасынан көтөрүлүп, чаралар көрүлүшү керек. Конкреттүү тапшырмалар берилип, так мөөнөттөр коюлуп, аткара албагандардан арылуу керек. Болбосо иш ордунан жылбайт! Акыры куру сөз бойдок калат. Бийликтин кадырына урулган соккуга айланат!

Маектешкен: Нургазы Анаркулов

Булак: “Майдан”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу