Рыскелди Момбеков: «Кубатбек Боронов элден кечирим сураш керек…»

Менин оюмча жекиликтүү эле сын айтылды го дейм. Кимиси кандай, кантип барып калган күндө да жөнөкөй спорттук иш -чараны  өкмөттүк иш-чарага айландырып, аны мамлекеттик макамга айлантып койгондору туура эмес. БУл мамлекеттин бийлик бутактарына сөз тийгизбей койбойт. Анткени, бул жөнөкөй эле катардагы иш-чара.Бул иш-чараны өкмөттүн атайын комитети уюштурган эмес. Маселен, спорт агенттиги уюштуруп, ага өкмөт каржы маселесин чечип берсе бир жөн. Анан жеке менчик тойго, жетелешип жетип баргандары  Жогорку кеңешке болобу, Өкмөткө болобу, аброй алып келген жок. Бул көрүнүш элдин бийликке болгон ишенимин кетирди дегенге толук негиз бар. Матраимовдордун уюштурган эскерүү кечесине баргандай, Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине мынчалык чоң делегат барган эмес. Кайсы бир депутаттын атасынын аброюн, Айтматовдун аброюнан жогору койбош керек болчу. Бул адабият жана тарых алдында кечирилгиз күнөө. Ошондой эле, уран кенин казууга каршы митингге чыккан элдин алдына баргандын ордуна, Ошто жүргөндөрү туура эмес. Макул, барса барышсын, бирок, иш-чараны салтанаттуу түрдө гимн менен ачып, ага мамлекеттик макам берип, ээрчишип барган депутаттардын дарегтне айтылып  жаткан комментарийлер негиздүү. Керек болсо, Кубатбек Боронов жана иш-чарага катышкан Жогорку Кеңештин депутаттары эл алдында моралдык күнөөлөрүн сезип, кетирген кемчилиги үчүн элден кечирим сураш керек. Бири да үн каткан жок.

БУЛАК: Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу