Рыскелди Момбеков, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: «Жолдордун курулушунда коррупциялык схема иштеп жатат»

-Рыскелди мырза, Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушунда иштегендер асмандаган айлык аларын айттыңыз эле. Бирок, өкмөттөгүлөр ал сөзүңүздү калпка чыгарышты го?   — Булар айтып атышат, «эсеп палатасындагы маалымат туура эмес кетип калган, анткени, ал бир айлык маяна эмес, жети айдыкы экен» деп. Жети айлык болгондо деле 100 миң сомдон жогору болуп атпайбы. Бул жөнөкөй эле завгардыкы, он машинаны башкарган кишиники. Он машинага күйүүчү май куйган кишиники 812 доллар экен. Бул деле 60 миң сом болуп атат. «Эмне үчүн мынчалык жогору?» деп сурасам, «контракт боюнча испаниялык компанияга консультациялык кызмат үчүн 4 млн. 600 миң доллар каралган. Биз алардын айлык маянасына кийлигише албайбыз, алар каалаган санды коёт» дешет.   — Ал долбоор боюнча иштеген биздин жарандардын айлыгы анчалык көп болбосо керек?   — Алардын көбү эле биздин жарандар. Маселен, мурунку Ош-Бишкек жолу башчысы азыр ошол консультациялык компанияга кирип алган дагы 2000доллардан ашык айлык алат экен. Отуздан ашык эксперттер иштесе, алардын көбү биздин жарандар. Башкы консультанттын жардамчысы түрк жараны. Комитеттин жыйынында «айлык маянаңыз канча?» деп сурасам, «5 миң доллар алам» деди. Жолдун баары кредитке салынып атат. Карыз элдин мойнунда да, ар бир кыргыз жараны төрөлгөндө эле 700 доллардан төлөй турган болуп төрөлүп атса, булардын айлык маянасы ушунча болуп атпайбы. Мунун баарын транспорт министрлиги карашы керек болчу. Эмне үчүн алар жолду өздөрү көзөмөлдөшпөйт? Бул жерде схема иштеп жатат. Бул тээ 2012-жылы эле пайда болгон схема экен. Банк кредит бергенде эле «тендер өткөросүңөр, тендерде консультациялык кызмат, бийликке көз каранды эмес компания болушу керек» деп талаптарды кошуп коёт. Бул чынын айтканда, транспорт министрлигиндеги «коррупциялык кормушка» болуп калган.   — Талас-Тараз жолун куруп жаткан компаниянын жетек-чисине Интерпол издее жарыялаганы чын бекен?   — «Йылмаз Хун Эртугрул деген 2013-жылы Өзбекстандагы жолдорду салуудан 2 млн. доллардан ашык акчаны мойсоп кеткен» деп Өзбекстандын Анжиян облусунун соту буга санкция берип, Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыялаган. 2013-жылы Өзбекстандан качып чыккан эргул Кыргызстанга келет да тендерлерге катышып, Ош-Баткен-Исфана жолун куруу укугун утуп алган, 2015-жылы Талас-Тараз жолун утуп алып атат. Менин маалыматым боюнча, бул Туркиянын өзүндө да эл аралык издөөдө экен. «Өзүнүн бир дагы техникасы жок» дешет. Тендерди утуп алат дагы субподрядчикке берип, ортодон акча жейт. Ушундай аферисттер ээн-эркин жумуш кылып аткандан кийин биздин транспорт министрлигинде да аферисттер бар да. Жаап-жашырып жүрүшкөн. Болбосо эл аралык издөөдө жүргөн, эч кандай техникасы жок компания кантип утсун? «Соттуулугу, артында кыңыр иши барбы-жокпу?» деп эмне үчүн карашкан эмес?   Керим МУРАС БУЛАК: Азиянюс  

Аргумент.kg
Жооп калтыруу