Рыскелди Момбеков, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “КСДП фракциясы легитимсиз, демек, ал мүчө болгон коалиция легитимсиз”

— Рыскелди мырза, Бабанов келе турган күн, убакыт-саатынан бери белгилүү болду. Аэропорттон тосуп алып, камашпайбы?
— Бабановго козголгон кылмыш ишинде саясий боектор бар. Ал көрүнүп эле турат. Экспертиза жүргүзүүнүн деле кереги жок. Бул эми ошол кездеги саясатка керек болгон, саясий өңүттө козголгон иш болгон. Кечээки интервьюсун көрүп чыктым. Көп нерселерди ачыктады. Ал мамлекеттин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору коюп, туркутуулукту камсыз кылыш үчүн гана чыгып кеткенин, анан дагы ортодо келишимдер болгонун, мурунку да, азыркы да президенттер кепилдик берип, “убактылуу чыгып турсун” дегенин, ошону иш жүзүнө ашырганын, азыр кайра келем дегенин туура көрүп жатам. Ал келиш керек. Келгенде ага күч колдонулбашы керек. “Барып актыгымды далилдейм” деди, ага мүмкүнчүлүк түзүп бериш керек. Каалайбызбы, каалабайбызбыз, Бабанов кыргыз саясатындагы чоң саясатчылардын бири. Өкмөт башчысы да болгон, эки жолу шайлоодон утуп келип, парламентте депутат болду. Анан азыр баягы саясий атаандаш мезгил өттү, ошол кезде ал президенттик шайлоо жыйынтыгын тааныды. Туруктуулук үчүн чыгып да кетти. Келсин эми. Ал өзүнүн укугун коргой алат. Бийлик аны “камайм” десе, анда анын укугун коргогондор чыгып кетип, чыңалуу болуп кетиши ыктымал. Бийлик андай иш жасаганы болбойт.
— Пресс-катчынын президенттердин мамилеси тууралуу билирүүсүнө эмне дейсиз?
— Экс-президент менен азыркы президенттин ортосунда качан жарака кеткендиги жөнүндө ошол эки кишинин оозунан уксак туура болмок. Анткени, президенттин маалымат катчысынын андай айтканга укугу деле жок болчу, ага эч ким маани деле бербейт, ишенбейт. Кырдаалга карата жөн эле берип койду болуш керек. Мен деле андай нерсеге ишенбейм. Жарака кеткени жөнүндө буга чейин деле маалыматтар чыккан. Аны өздөрү деле мойнуна алып жатат. Апрель алдында, мурунку президенттин партия лидерлигине келгендеги акыркы маалымат жыйында чыккандыгы ачыкталган да.
— Депутат Масалиевдин “КСДП фракциясы оппозицияга өтүшү керек, коалицияга “Республика-Ата-Журт” кошулсун” дегени канчалык туура?
— Менин пикиримде, азыркы КСДП фракциясынын башчысы болгон Иса Өмүркуловду саясий кеңештин чечими менен партиядан чыгаргандан кийин, ал эгер мыйзамдуу болсо, анда бүгүнкү фракция легитимсиз. Фракция легитимсиз болгондон кийин, анын негизги мүчөсү болгон коалиция дагы легитимсиз. Экинчиден, Масалиев көпчүлүк коалициянын легитимдүүлүгү жөнүндө бир маселени айтты. “Республика-Ата-Журтту” коалицияга кошулушу керек” дейт. Менде деле шек бар. Эгерде, коалициянын саны, курамы, көлөмү өзгөргөндөн кийин, кайра түзүлүш керек болчу. Коалиция өзгөргөндөн кийин, спикер, Өкмөт башчы кайра дайындалыш керек болчу. Азыркы команданы, Өкмөттү, төраганы алмаштыруу ниети жок болгондуктан, “Республика-Ата-Журт” фракциясын кошул” дегени түзүүгө жатпайт. Логикалык жактан алганда, бул жаңы коалиция түзүү керек экендигин билдирбейт. Мурунку коалицияга кайсы бир фракциянын кошулгандыгын билдирет.
— Партия оппозицияга өттү, фракция коалицияда калып калды. Бул учурдун мыйзамдык жагы кандай?
— КСДП партиясы оппозицияга өтү. Фракция коалицияда калып калды. Мындай учур мыйзамда так жазылбаганы менен, логикага туура келбейт. КСДП фракциясы партиянын Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгү. Эл шайлоодо партияга добуш берген, фракцияга эмес. Демек, өкүлчүлүк дагы оппозицияга өтүш керек болчу. “Биз коалицияда кала беребиз, партия өтсө өтө берсин” деген мыйзамга туура келсе да, саясатка, логикага туура келбейт. Андай болбойт, биз биротоло оппозицияга кетишибиз керек да. Масалиевдин “КСДП фракциясы оппозицияга өтүш керек, калган 5 фракция коалицияда болсун” дегенин колдойм. Ушундай шартта иштеп көрөлү, балким, өз түшүмүн берээр.
Динар Турдугулова

БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу