Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты: “Бир күнү Мадумаров менден таяк жейт, точно…”

-Рыскелди мырза, «НТС телеканалындагы дебаттан кийин Адахан Мадумаров экөөңуздөрдүн ортоңуздарда конфликт болуптур» деген сөз тарады. Ошондой болду беле?

– Эми конфликт болгондо кандай?.. Кер-мур айтышып кеттик. Эфирде этика менен айтышкан болсок, эфирден кийин бир аз катуурак кетип калдык. Орой сөздөр менен сөгүштүк да. Башка эчтеке деле болгон жок.

– Мушташка жетпей калдыңыздар..

– Жок. Ага жеткен жокпуз. Болгону катуу тондо айтышып койдук. Кыргызчасынан кыйкырышып, тап беришип…

– Сиз маданият министри болуп турганыңызда, кайсы бир иш-чара боюнча сөз болуп, «Калый Молдобасанов өзү келсин» дегениңиз эл оозундагы анекдот эле болсо керек, же чынбы?

– Мунун андай экенин билгенде мен деле айтмакмын: «Каркыраны бергенде кайда элең? Светлана Назаренкого эмгек сиңирген артист наамын бергениңди эмнеге айтпайсың? Манастын күмбөзүн эмнеге каздырдың эле? Жаңгак чыры менен жалпайта чапканын эмнеге айтпайсың? Эртеси Бакиевден «кечирип коюңуз, экинчи бейбаштык кылбайм» деп тизелеп кечирим сураганыңды сен айтпасаң деле Бакиевдин пресс-катчысы мага айтып берген» демекмин. Эми аларын айткан жокмун. Мадумаровдун маданияяты жок экен да. Айтыша турган киши эмес экен. Ал бир күнү менден таяк жейт, точно. Жиниме тийди.

– Буга чейин аны жакшы билчү эмес белеңиз?

– Аны менен биринчи жолу дебатка чыгып атам. Текебер турбайбы!..

Маектешкен: Кубан Шамшиев

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу