Рустамов качанкыга дейре тайраңдайт?

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов бүтүндөй бир тармакты жеке менчигиндей пайдаланганы, жемкорлукту болуп көрбөгөндөй жайылтканы фактылар менен ММКларга далай ирет чыкты. Бирок бийлик тарабынан эч кандай реакция жасалган жок. Ажобуз С.Жээнбеков премьер-министр болуп турганда, андан кийин С.Исаков өкмөт башкарганда, кийин М.Абулгазиев жетектеген маалда катар-катары менен сөгүш берилген, тилекке каршы алардан жыйынтык чыгарылган жок.

Өткөн аптадагы парламенттик жыйында жаны ачыган эл өкүлү Улукбек Ормонов дагы бир ирет Рустамовдун мыйзамсыз иштерин тизмектеп, Рустамовго чара көрүлүшүн талап кылды. Анткени, агенттиктеги көптөгөн мыйзам бузууларды т.а. токой фондусундагы мыйзамсыз курулуштарды, жаратылыш фондусундагы мыйзамсыз иштерди, аңчылык багыттагы коррупциялык схемаларды, мамлекеттин жана донорлордун акчаларын максатсыз пайдаланууларды Коопсуздук кеңеши аныктап чыгыптыр.

Ал эми Эсеп палатасы глобалдык экологиялык фондусунан бөлүнгөн акча мыйзамсыз пайдаланылганы, 15 миллион сом максатсыз жумшалганы аныкталган. Өзүн өзү билип өтүгүн төргө илген Рустамов 2018-жылы Женевадагы эл аралык жыйынга өзүнүн шоопурун жибергенин, штатта болбогон кызматкер агенттиктин атынан жети жолу чет өлкөгө чыгып, жыйындарга катышып келгенин да депутат ачыктады. Бул эмне деген жорук? Качанкыга дейре тайраңдайт?

БУЛАК: Мантыш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу