Руслан Казакбаев: “4,5 млрд. доллар карызды “Коопсуз шаардын” эсебинен кутулуу күлкүлүү иш”

– Руслан мырза, «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирери менен 12,5 миң эреже бузуу катталып, айып пул катары 9,5 млн. сом бюджетке чогулуптур. Бул эмнени билдирет?

– «Коопсуз шаардын» ишке киришин кубануу менен кабыл алдык. Көпчүлүк башынан эле колдоп келген. Тилекке каршы, өкмөттө иштеген кээ бир жетекчилердин шалаакылыгынан жана биздеги коррупциянын өтө жогорку деңгээлде өсүп кеткендигине байланыштуу өткөн өкмөттөрдүн убагында бул маселе чечилбей келген. 2012-жылдан бери 7 жыл өтүп, алты өкмөт ишке ашыра албай, эми араң ишке ашты. Белгилеп коюш кёрек, бул Абылгазиев баштаган өкмөттүн иштеген ишинин жыйынтыгы. Аны канча сындаганыбыз менен ушул ишти аягына чыгара алды.

– Күнүнө миллиондоп калктын капчыгын кагып тургандан нааразылык жаралбайбы?

– Элдин капчыгына зыян тийеби-тийбейби, айып пул деген болуш керек. Себеби, жол эрежелерин сактабагандан канча авариялар болуп, канча деген өмүрлөр кыйылып жатат. «Биздеги авариялардан көз жумгандардын саны Афганистанда согушта каза болгондордун санына барабар болуп жатат» деп айрым депутаттар статистикасын чыгарып, салыштырып чыгышты. Андыктан, эреже бузгаңдарга айып пул салынышы туура. Бир күндө эле 9,5 млн. сом чогулса, бул сумма дагы өсүп отурат. Бара-бара айдоочу көнүп, эреже бузбай
айдай турган болот. Жыйынтыкка ошентип жетебиз.

– Долбоордун айланасындагы тендер чыры али басыла элек. Орнотулган техникалардын сапаты да талкууга түшө баштады…

– Ооба, «Коопсуз шаар» боюнча мен бир маалымат уктум. Тендерден россиялык фирма утуп алган экен. Бирок, «ал фирманын өзүнүн кесипкөй адистери келип иштебей, бул жердеги кээ бир фирмалар менен иштешип жатыптыр, алып келген технологиялары да азыркы заманбап үлгүдөгү жабдыктар эмес экен» деген кеп-сөздөр кетти. «Коопсуз шаарды» ишке ашырууга Европадан, Түркиядан инвесторлор көп келишти. Ушунча убакыт аракет кылгандан кийин сапаттуусун, заманбап жабдыктарды алып келе турган фирманы тандасак болот эле го деген ой кетет. Европанын «Коопсуз шаарларындагы» камералар эреже бузган унаанын номурун эле эмес, унаанын ичинде отурган адамдын фотороботторун тартып, база аркылуу белгилеп коё ала турган технологиялар. Андай жабдыктар азыр дүйнөнүн баарына курулуп калды. Биз дагы көрөлү, иштөө сапаттарын байкайлы, анан баалар бериле баштайт.

– Сырткы карызыбыз 4,5 млрд. доллардан ашат. Айрым депутаттар «Коопсуз шаардан» түшкөн каражат менен карыздардан кутулабыз» деп да айтып жиберишти. Бул тамашабы, же ушундай пландар бар беле башынан?

– Кандай гана долбоор болбосун, бюджетке пайда алып келсе, ага көңүл буруп, аны ишке ашырууга ашыгыш керек. «Коопсуз шаар» долбоору кайсы инвестор болбосун, башынан эле пайдалуу болорун билчү. Муну алып келген инвестор өкмөт менен иштешип, сөзсүз пайдасын көрөт. Анан эми 4,5 млрд. доллар карызды «Коопсуз шаардын» эсебинен кутулуу бир аз күлкүлүү болот. Карыздан кутулуу үчүн өндүрүштөрдү көбөйтүү, ички дүң продукцияны өстүрүү, экономиканы жандантуу зарыл. Өкмөттүн эң негизги иши – экономиканы өнүктүрүү болсо, тилекке каршы, өкмөт ойдогудай иштебей жатат.

– Азыр жылдын башында жашап жатабыз. Жылдын бюджети ачылып, иштей баштады. Бирок, эмнегедир айрым аймактардагы мугалимдер менен дарыгерлер маяна ала албай жатышкандарын айтышууда. Абалыбыз жакшы эмеспи?

– Бюджетниктердин айлык ала албай калышканы тууралуу менде маалымат жок. Эгер чындыгында эле ошондой болсо, анда бул өкмөт токтоосуз отставкага кетиш керек. Биздин бюджет социалдык тармакка багытталган бюджет. Кыргызстан көз карандысыздыгын алгандан бери бир эле жолу, 2010-жылдагы революциядан кийин бюджет өтпөй калган. Калган убактарда ураалап, мактап, айга-күнгө теңеп, өкмөт сунуш кылган бюджетти дайыма колдоп беребиз. Анан социалдык кызматкерлер айлык ала албай калса, анда өкмөт бир күн иштегенге да акысы жок.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу