Руслан Казакбаев «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери болду

«Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери болуп Руслан Казакбаев шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында аталган фракциянын мүчөлөрү билдиришти.

Маалымат боюнча фракция лидерин шайлоо жабык өтүп Казакпаев лидер болуп тандалган.

Эске салсак «Республика-Ата Журттун» мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 13-ноябрда өзү жазган арызынын негизинде фракция төрагалыгынан кеткен. Бабановдун бул чечимин фракциянын 22 депутаты колдогон.

«Республика-Ата Журт» оппозициялык фракция. Анын 28 мандаты бар.

 Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу