Россиялык миллиардерлер аныкталды…

Forbes журналы Россияда 2018-жылы актив жана дивиденддерин сатуу менен 11 миллиард доллардан ашык киреше көргөн байлардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу маалыматты sputnik.kg маалымат агенттиги билдирди.

Биринчи орунга ишкер Сергей Галицкий чыкты. Ал чекене соода менен алектенген «Магнит» ишканасынын 29 пайыз акциясын сатып 2,44 миллиард доллар пайда көргөн.

Андан кийинки сапта саясатчы Михаил Прохоров турат. Миллиардер Brooklyn Nets баскетбол клубундагы 49 пайыздык үлүшүн сатып, 1,77 миллиард доллар киреше тапты. Үчилтикти Владимир Лисин жыйынтыктады. Анын Новолипецкий металл комбинатынын дивиденттеринен түшкөн кирешеси 1,59 миллиард долларга жеткен.

Төртүнчү жана бешинчи орундарга «Северсталь» жетекчиси Алексей Мордашов (1,46 миллиард доллар) менен өзбек тектүү белгилүү ишкер Алишер Усманов (1,12 миллиард доллар) илинди.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу