Россияда мигранттарга жаңы эреже киргизилди

Кыргыз Республикасы 2018-жылы Россия Федерациясында FIFA Футбол боюнча
чемпионатын даярдоо жана өткөрүүдө Россия Федерациясы тарабынан коопсуздук
чаралары күчөтүлүүдө.
Маалымат катары: Футбол боюнча чемпионат
2018-жылдын 14-июнунан 15-июлуна чейин
Россиянын11 шаарында (Москва, Санкт-Петербург,
Казань, Сочи, Нижний Новгород, Самара,
Калининград, Екатеринбург, Саранск, Волгоград,
Ростов-на-Дону) өтөт.

Ушуга байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын 25-майынан
25-июлуна чейин жогоруда белгиленген 11 шаарда
коопсуздукту сактоо үчүн күчөтүлгөн чаралар көрүлөт, миграциялык мыйзамдар жаатында чет
өлкөлүк жарандар РФнын Президентинин 2017-жылдын 9-майындагы № 202 Жарлыгына ылайык
РФнын мыйзамдарында белгиленген тийиштүү документтерди көрсөткөн учурда РФнын аймагына
кирген күндөн баштап турган орду же жашаган орду боюнча бир сутканын ичинде каттоого туруусу
тууралуу убактылуу эреже киргизилген.

Жогорудагыларга байланыштуу КРнын РФдагы Элчилигинин жана КРнын Өкмөтүнө караштуу
Миграция кызматынын РФдагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери аталган 11 шаардын ичинде
Кыргызстандын консулдук мекемелери жок шаарларында убактылуу жашап, иштеп жаткан жарандар,
мекендештер жана диаспора активисттери менен жолугуп, алдын алуучу түшүндүрүү иштерин
жүргүзүү максатында иш сапарларга чыгышат.

-Нижний Новгород (15 -май 2018-ж.);
– Волгоград (16 -май 2018-ж.);
– Казань (16 -май 2018-ж.);
– Ростов-на-Дону (17 -май 2018-ж.);
– Самара (17 -май2018-ж.);
– Саранск (19-20 -май 2018-ж.);
– Сочи (20-21 – май 2018-ж.);
– Калининград (6 июня 2018-ж.).

Жолугушуулардын өтө турган орду убактысы тууралуу төмөндөгү тел аркылуу билүүгө болот:
:Казань+7 (966) 260-97-60; Сочи+7 (988) 245-43-02, +7 (988) 286-51-20; Нижний Новгород+7 (967)
713-67-37; Самара+7 (927) 260-34-84, Ростов-на-Дону+7 (960) 461-61-61, +7 (918) 528-81-85;
Волгоград+7 (961) 669-95-55; Калининград+7 (952) 792-15-35; Саранск +7 (925) 735-49-46.

Булак:fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу