Роза Отунбаева эл аралык «Астана форумуна» катышты

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Казакстанда өткөн эл аралык «Астана экономикалык форумуна» катышты.

Нур-Султан шаарында уюштурулган форумдун быйылкы темасы «Шыктандыруучу өнүгүү: адамдар, шаарлар, экономикалар» болду.

Отунбаева «Платформа G-Global» стратегиялык сессиясында жана «Илимдеги, инновациядагы жана бизнестеги аялдар» панелдик сессиясында башкы спикер болду.

Мындан тышкары экс-президент Казакстандын Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча биринчи форумуна, Санариптештирүү кеңешинин ишине да катышты.

11 жыл мурда негизделген «Астана экономикалык форуму» (АЭФ) дүйнөлүк экономиканы жана каржы системасын жакшыртуу маселелери талкуулануучу эл аралык аянтчага айланды. Бул жылдары форумга 150 мамлекеттен жалпысынан 50 000 делегат катышты, алардын 20дан ашууну Нобел сыйлыгынын лауреаттары.

Форумдун темасы жыл сайын күн тартибине жараша тандалып турат.

БУЛАК: azattyk

Аргумент.kg
Жооп калтыруу