Роза Отунбаева, Экс-президент: «Текебаевди Кыргызстандын демократиясын алып келген инсан деп билишет»

«Ата Мекен» социалисттик партиясы 27 жылдык мааракесин белгиледи. Кыргызстандын эгемендиги менен жашташ партиянын лидери Өмүрбек Текебаев учурда камакта. Ошого карабай, анын партиясы сааттай иштеп жатат. Акаевдик, бакиевдик бийликтин туура эмес саясаты менен күрөшүп, Атамбаевдин коррупциялык иштерин ашкерелеп, лидери камалып, калган мүчөлөрү баштарынан оор күндөрдү кечиришкен менен, коомдо, саясатта орду бийик бойдон калды. Чындыкты, адилеттикти туу туткан тарыхый партиянын туулган күнүндө тарыхый кишилер келип куттукташты.

— «Ата Мекен» — Кыргызстандын тарыхын жазып жаткан партия. Жакшы нерсе күрөштө гана жаралат. Жыргалыкчылыкта жүргөн нерсе сонун нерсе боло албайт. Өмүрбек менен саясатта жанаша жүргөнбүз, күрөштөрдө чогуу болдук. Позицияга туруктуу, кайраттуу. Анын партиясы да, мүчөлөрү да сыноолорду жеңе билишет. “Ата Мекен” далай тар жол, тайгак кечүүлөрдөн өттү. Ал тарыхый жолдун арты акыйкаттуулук, чындык. Бизге бүгүн Текебаев жетишпей жатат. Анын көрөгөчтүгүнө, кайраттуулугуна, пикирине, ар бир саясий иште анын үнүнө муктаж болуудабыз. Эл аралык жыйындарга катышып журөм. Текебаевди кыргызстандыктар эле эмес, бүткүл дүйнө билет, анын атын оозго алышат. Аны “Кыргызстандын демократиясын алып келген инсан” деп билишет. Армения – биздин артыбыздан келе жаткан, парламентаризмди жаңыдан тандап алган өлкө. Ошол өлкө өзүнүн Конституциясын талкуулап жатканда, аларга Өмүрбектин сөзү маанилүү болгон. Азыркыга чейин Текебаевди оозунан түшүрбөй келишет. Ушундай лидер биздин замандаш, үзөңгүлөш экенине мен сыймыктанам.

Динар Турдугулова 

Булак: Азия Ньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу