Роза Отунбаева: КСДПнын түштүктөгү аброюнун көтөрүлүшүнө Жээнбековдордун эмгеги чоң…

Айрымдар Жээнбековдор КСДП партиясы үчүн “куурай башын сындырган эмес” деген кептерди айтып жүрүшөт. Мындай сөздөр өзгөчө Атамбаевдин кожолугундагы массалык маалымат каражаттары тарабынан көп айтылат. Экс-президент Роза Отунбаева болсо “Азаттыкка” берген маегинде Атамбаевди да, КСДП партиясын да Жээнбековдорду да жакшы билген адам катары калыс кебин айтты. Ал: “Мен Жээнбековдорго жагынайын деген жокмун, 2010-жылы түштүктө КСДПнын эчтекеси жок болчу. Партиянын аброюнун көтөрүлүшүнө Асылбек Жээнбековдун салымы жана эмгеги чоң. Агасы экөө көмөк көрсөткөн. Атамбаев “свадебный генерал” эле болуп барып келчү ал жерлерге. Ооба, Жээнбековду Атамбаев алып келди бийликке, бирок Жээнбеков дагы таза, коррупцияга малынбаган киши болчу, шайлоодон өтүп кетти”, — деди Отунбаева. Демек, КСДП партиясынын абройлуу партия болушуна бир гана Атамбаев эмес, башка адамдардын да, алардын ичинде бир тууган Жээнбековдордун да опол тоодой эмгеги бар. Маектин соңуеда Роза Отунбаева Атамбаев менен Жээнбековдон башка да Кыргызстанда таза суу, миграция, кадр маселеси сыяктуу абдан маанилүү темалар бар экенине токтолуп, коом болсо саясатты эле аңдып калганына кейип, “Азаттык” радиосуна кычыраган эле саясатчыларды көрсөтө бербей, коомдогу актуалдуу маселелерди чагылдыргыла деген сунушун айтты. Конец переписки Введите сообщение…  

Аргумент.kg
Жооп калтыруу