Ректор Усенов менен коррупция бир тууганбы?

ЖАМУнун ректору президентти «теңине» албай, «президент эмнени чечет эле, мына, мен чечем», — дейт.

Кыргызстанда бийликтеги адамдардын жек-жаат, тууган-урук, өң-тааныштарын кызматка ташымай “оорусу” бар. Ушул терс сапаттан арылууга, коррупцияны жоюуга күрөш аеосуз жүрүп жаткандай түр көрсөтүлүүдө. Бирок, айрым мамкызматкерлердин кылык-жоругу бул күрөштүн баары жөн гана сөз жүзүндө болуп жатканын айгинелеп салгандай. Ага бир мисал, Жалал-Абад мамлекеттик университети. Бул окуу жайдын окутуучулар тобу ректор Кеңешбек Усеновдун кылыктарын тизмелеп, бир нече ирет бийлик төбөлдөрүнө кайрылышкан. Бирок, окутуучулардын муң-зары жогорку жактагылардын көңүл сыртында калып келүүдө. Окутуучулар алардын чындыкты орнотуу аракети ишке ашпаган сайын ректор кызмат атасынан калгандан бетер чалчаңдап, ансайын өзүм билемдигин күчөтүп жатканын билдиришти. Алар дагы бир жолу мамлекет башчысына кайрылуу жолдошту. Анткен менен ушул кайрылуудан жыйынтык чыгаары да күмөн. Кеңешбек Усеновдун бийлик төбөлдөрүнүн арасында колдогону күчтүүбү, же керектүү адамдарды колго алып койгонбу, университетти менчик мекемесине айлантып алса да, ордуна коер бирөө табылбады. Баарынан кызыгы, окутуучулардын жазган арызы кайра эле так ректордун колуна барып түшө бериптир. Андан улам арыз ээлери кысымга алынып, көпчүлүгү жумушу менен коштошушкан. “Бүгүнкү күндө үй-бүлөбүздүн коопсуздугу да коркунучта турат”, — дейт кысымга кабылган окутуучулар.

Карынов баштаган комиссия ректорду эмес, арыз жазган окутуучуларды текшерди

Мугалимдер Сапар Исаков өкмөт башчысы болуп турган маалда анын атына кайрылуу жолдошкон. Кайрылууда ректордун кылык-жоругу ачык айтылып, адилеттүүлүктү орнотуп берүүнү Исаковдон суранышкан. Бирок, арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин, андагы өкмөт башчы кетип, ордуна башка келген чакта, 2018-жылдын 19-декабрында Билим берүү министринин орун басары А.Кожобеков түзгөн комиссия ЖАМУга келген. Окутуучулар комиссиянын Ч.Карынов аттуу төрагасын гана көрүшкөнүн белгилей кетели. Комиссия ректордун үстүнөн жазылган арыздын калп-чынын текшерүү үчүн эмес, башка максатта келиптир. Алар мугалимдерди чогултуп, “Мурунку премьерминистр Сапар Исаковдун атына жазылган кайрылууга коюлган колду меники эмес деп жазып бергиле”,- деп талап кылышкан. Ошол убакта окуу жайда болбогон окутуучуларга телефон чалышып, “Алыстан келе албасаңар, телефон аркылуу деле менин колум эмес деп жазып, таксиден салып жибергиле”,- деп буйрук беришкен. Комиссиянын төрагасы мына ушундай ыкмада териштирүү жүргүзүп, акырында окутуучуларды “ООНго чейин жазсаңар да жыйынтык чыкпайт, “гарантия” берем”, — деп кокотуп-мокотуп, бир чоң ишке жарагандай компойуп кетип калган.

“Президент эмнени чечмек эле?! Мен чечем!” – алда, кокуй, амбиция…

Андан көп өтпөй, 2018-жылдын 21- декабрында ЖАМУнун Окумуштуулар Кеңешинин жыйыны болуп өткөн. Ал жерде ректор К.Усенов кеңештин жалпы мүчөлөрүнө кайрылып: “Президентке кайта-кайта арыз жазасыңар, президент чече тургансып, президент эмнени чечмек эле?!” — деп ички ачуу оюн жалпыга ачык билдирген.

“Карга карганын көзүн чукубайт” болуп, мугалимдердин арыздооматтары жеринде акыйкат текшерилбей кала берди. Улам кийинки текшерүүлөр ага дейре бир нече жолу бир жактуу каралган текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын күчүндө калтырып, ошолорго негиздеп, жымсалдап коюшкан. Натыйжада К.Усенов баштагыдан да манчыркап, бийлигинин түбү бекем экенине ишеними күчөп, өз билгенин жасоосун улантты. Өзүнүн үстүнөн жогору жакка жолдонгон кайрылууга кол койгон окутуучулар болсо куугунтукка кабылышып, өч алуунун бутасына айланышты. Кыскасын айтканда, учурда бийлик төбөлдөрүнүн жең ичинен соодалашуусубу, же жек-жаатын коргоосунунбу айынан, Жалал-Абаддагы башкы окуу жайында 1937-жылдагы репрессия кайтып келгендей эле жагдай жаралды.

Асмандан алынган штаттар, абага кеткен акча

Усеновдун кылыктарын чекесинен санай берели. Билим жайынын төбөсүндө турган адам кандай өзүм билемдикке барганын баары билиши керек. Ал өкмөт тарабынан түзүлгөн типтүү штатты каалагандай өзгөртүп, өз кызыкчылыгына ыңгайлаштырып, жок штаттарды ачып, жакындарын жумушка алып келген.

Төмөндө “сокращение” оюнунда шахмат ташындай терилип кеткендер жана алардын ордуна ректордун жылып келген туугандары, жакындары, санаалаштары.

Айрым тааныш-туугандарына кызмат оруну жетпей калганда ойдон чыгарып штат ачкан. Кээде оюу да жетпей калганда, жакшынакай иштеп жаткан кызматкерлерди негизсиз кетирип, орун бошоткон. Мисалы, ректорлук шайлоо болоордун алдында К.Усеновдун окуу-иштери боюнча проректор болуп сааттарды беш колундай калчап турган маалы болчу. Ректорлук шайлоо үчүн добуштардын санын көбөйтүү максатында педагогика жана психология кафедрасындагы өзүн колдогон топтун көпчүлүгү саат жетишпестиктен жумуштан кетип жатканда, жок жерден практика боюнча саат таап берип, аларды алып калган. Аталган кафедранын окутуучулары ЖАМУнун бюджетинин эсебинен жок сааттарга практика боюнча эмгек акы алып, 2-3 жылдай иштеп келишти. Буга башы жетип көтөрүп чыккан башка кафедра башчыларынын демилгеси менен жаңы окуу жылында жок сааттарды бөлүштүрүү токтотулду. Бирок, 2 жыл ЖАМУнун бюджетине кол салган бул иштин күнөөкөрлөрү жоопкерчиликке тартылбайбы? Кимдир бирөөлөр бюджеттин акчасын уурдаганы үчүн жооп бериш керек эмеспи?! Ушуга окшогон маселелер убагында текшерилбей жатат.

Бюджеттик тайпаларда окуган студенттер сырттан окуу бөлүмүнө гранттык окуу шарттарын бузушуп которулушту. Алар — Конфуций институтунун директору М.Шакированын уулу Сайпидинов Бакыт сырттан окууга которулса, кызы Назеля окууга кирүү баллы туура келбесе да орус тилден англис тилине которулган.

Минтип штаттык орундар кыскарып, сааттар жетишпей окутуучулар аз айлык менен эптеп күн көрүп, жумуш орундарын сактоого жанталашышат. А Ибраим Абдувалиев Бишкек шаарында туруктуу жашап, Илимдер акдемиясында толук штатта иштеп жатканына карабай, ЖАМУдан 1 ставка саат алып толук штаттык орунда турат. Жалал-Абадга жылына 1-2 жолу барып, көрүнүп коет да, эл алган айлыкты толугу менен алып, абадан акча таап жаткан чагы. Бул боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгонун, бирок ага болбой эле, эки жылдан бери 1 ставка толук саат алып “иштеп” келатат чарчабай.

Учурда университет кыйын күнгө кабылып, сааттар жетишпей, “сокращение” азуусун көрсөткөн маал. Ал эми эч бир студенти жок Конфуций институтундагы кызматкерлер ЖАМУнун эсебинен айлык алышат. Анын жетекчиси М.Шакированын эмгек акысына үстөк пайыз кошулуп берилген. (Конфуций боюнча да прокуратура тарабынан иш козголгонуна карабай баш аламандык уланууда).

“Менчик” мекемесинде кимге бекер билим беришти өзү билет да!..

Индустар окуу акысын төлөшпөй эле (кепилдик талонду шылтоо кылышып) курстан-курска көчүп жатышат. 2017-жылдын 6-июнунда индустардын 31 млн.сом контрагы кассага түшүрүлбөгөнүн Түштүк регионалдык “Ош-Аудит” ЖЧКнын жетектөөчү адиси Т.Темирбаев аныктаган. Бул боюнча толук текшерүү боло элек. Чет элдик студенттерди окутуу боюнча 27.06.2015- жылы эки тараптуу ЖАМУнун мурунку ректору А.Абдрашев жана КР атуулу Мухаммад Шоаб Нур Мухаммад тарабынан түзүлгөн келишимдин 2.1.12. пункуттагы шарттары бузулуп, окуу акысын төкпөгөн чет элдик студенттер кенен билим алышууда. Чет элдик студенттер менен түзүлгөн келишимдин 2.2.2. пункттары аткарылбаса да, аларга студент деген буйрук чыгаруу улантылып келатат. 2019-жылдын январь айында ЖАМУга 180 студенттен турган 6 тайпа чет элдик студенттерден турган жаңы групп ачылып, алар жашыруун түрдө өздөрүнө караштуу тиешелүү окутуучуларга бөлүнүп, 1-семестрди окуду кылышып, журналдарды 1-сентябрдан толтургула деп тымызын буйрук бердиртип, 2-семестрин башка студенттердей улантышмак болуп жатышат. Өзбекстандан ЖАМУнун медицина факультетинин 1-курсуна келген студенттер 2018-жылдагы октябрдын жарымы, ноябрдын акырына чейин кабыл алынып, студент катары эсептелинип, окуй башташты. Бул учурда биринчи модуль аяктап калган учур болгон. Алардын кирүү экзамендерин тапшыргандыгы жөнүндө жана 1-жарым жылдыктын 1-модулун тапшыргандыгы жөнүндө кетирилген кемчилдиктер боюнча студенттердин өздөрү деле айтып беришет. Октябрь, ноябрь айларында окууга кабыл алуу мезгили аяктап калган учур болсо, алар университетке кантип катталышты?

“Саякатчы бака”, ой… ректор

Ал ректор болуп иштегенден бери 2-3 күн жумуш ордунда болсо, калган учурларда иш сапарларында — Бишкекте жана чет өлкөлөрдө. 10-15 күндөп саякаттап, жумушка келбейт. Андан кийин келет да, 2-3 күн иштеп, дагы иш сапарына кетет. Буга чейин иштеген ректорлор мынчалык көп иш сапарларга чыкчу эмес. К.Усенов университеттин акчасын самандай сапырып жатса, Билим берүү министрлиги эмне үчүн билмексен болуп отурат? Окутуучулар жазып утуп алган долбоорлорго, ошол окутуучулардын өзүн жөнөтпөй, ректор барып жатканы туурабы?

Кеңири токтолсок:

— Азыркы ректор К.Усенов 2017- жылдын 1-14-ноябрына чейин Испанияга өмүрлүк жубайы Такеева Анара менен биргеликте командировкага барып келген чыгымы кимдин эсебинен төлөнгөн?

— 2017-жылдын 9-17-декабрында Кытайга Конфуцийдин директору М.Шакирова менен барып келгени кайдан каржыланган?

— 2018-жылдын 5-10-ноябрынада Португалияга барып келүүсүнө өмүрлүк жубайы Такеева Анара экөөнүн чыгымына каражат кайдан которулган?

— 2018-жылдын 3-8-декабрына Конфуцийдин директору М.Шакирова экөө Кытайга кетишкен. Бул чыгымчы? Белгилей кетсек, бухгалтериянын иш сапарларына каражат которуу кызматын ректордун “оң колдорунун” бири М.Сыдыкова аткарат.

Бузук компьютерлери барлар ректорго кайрылгыла. Кымбат сатып алат!

Университеттин тендердик комиссиясынын иши ар дайым келген комиссиялар тарабынан үстүртөн текшерилип, жен ичинен сүйлөшүлүп жабылып, кайрадан фактылар жымсалданып оңдолуп келе жатат. Университетке акыркы убакта алынган компьютерлер келери менен бузулуп иштебейт. Билишибизге караганда ар бир иштебеген бузук компьютер учун отчетторунда 70-80 мин сомдук акчаларды жазып коюшкан. Университеттин АТФ корпусунда чон актылуу зал жайгашкан ошол залды университеттин 25 жылдыгына карата капремонттон өткөрдүк деп (университеттин эсебинен кетти деп) чон суммадагы акчаларды жазышып, отчет беришкен. Чындыгында, ал залды чет элден келип окуп жаткан индустардын жеке каражатынын эсебинен жасалгандыктан, алардын уруксаты менен гана залга иш чара өтөт экен.

Акыркы 2 жылдан берки университеттеги болуп жаткан оңдоп-түздөө ремонт, майда курулуш иштери мурунку ректор А.Абдрашев убагында пландалып, жыйындарда айтылып, тендердик комиссияда каралып, иштелүүчү акча каражаты да аныкталып, толук бүткөн жумуштар экени дайын. Мурунку ректордун жасап кеткен даяр иши иш жүзүнө ашса аны уялбай ар кайсы жерде буга чейин ЖАМУнун тарыхында бир дагы ректор кыла албаган жумуштарды жасап жатам деп көпчүлүк жыйындарда мактанып айтканын токтотпойт. Тескерисинче, буга чейинки иштеп кеткен ректорлор өз деңгээлдерине жараша университеттин өнүгүшүнө чоң салымдарын кошуп кетишкен. Алардын бардыгынын жасаган жакшы иштери эмгек жамаатынын көз алдында.

ЖАМУнун тендердик комиссиясынын иши келген текшерүүлөрдө бир дагы дыкат текшерилген жок. Бул жагы “сен мага тийбе, мен сага тийбейм”, “карга карганын көзүн чукубайт”, “чай ичмей, көңүл ачмай” — акыйкат тепселенип, акча алдыга чыккан ыкмалар болду.

Эмгек эмес, “туугантуушкан, дос-жар” жамааты

Ректор болуп келээри менен К.Усенов типтик штатта жок “ЖАМУнун бухгалтеринин орун басары” штатты ачып, тууганы Сыдыкова Майрашты алып келип, ал 2 жылдай иштеди. Жаңы окуу жылында бул штат жоюлууга кез келип, ушул эле бухгалтериядагы үч балалуу жалгыз бой эне, 12 жылдан бери иштеп келген Самиева Жыргал деген кызматкерди коркутуп, өз каалоосу менен арыз жаздырып кетирип, анын ордуна кайра эле Сыдыкова Майрашты жылдырып койгон. Ректордун бир тууган акесинин баласы Кубанычбек уулу Эрнис (атасы Усенов Кубаныч) бир дагы тажрыйбасы жок, эч жерде иштебей жүрүп эле, 2017-жылы бухгалтериянын пландоо бөлүмүнө жетектөөчү башкы адис кызматына кантип конуп калганын да өзү да байкабай калды болуш керек. Ал жумуш ордуна кабыл алынганда, ушул эле бухгалтериядан мурдатан иштеп келе жаткан Нурсултан Бекназаров жумуштан кетирилген. Ректордун иниси Кубанычбек уулу Эрнис пландоо бөлүмүндө эч бир жумуш аткарбай, ректорду ташып жүрүп эле жогорку маяна алып келе жатат. ЖАМУнун юристи Ахматова Анаранын (ректордун таекеси Ахматовдун кызы, ага прокуратура тарабынан иш козголгон) кызмат орду бюджеттик штатта жок болгонуна карабастан, ишин улантып иштеп жатат. ЖАМУнун юристи, Ахматова Анаранын жолдошу Абдыкалыков Алмаз (текшерип келгендер башка фамилия деп карабай коюп жатышат) техникалык коопсуздук, эмгекти коргоо, жарандык коргоо бөлүмүнүн башчысы болуп жакында кабыл алынган (жарандык коргоо бөлүмүндо бюджеттик 4 орун бар болгонуна карабай “сокращение” кылган жок).

Мурунку ректор учурундагы сырттан окуу бөлүмүнүн деканы болуп иштеген, доцент Р.Орозовду К.Усенов ректорлук ишин баштаган алгачкы эле күндөрү кабинетине чакырып, “Сени менен такыр иштеше албайм, эркек болсоң арызыңы жазып кет”,- деп кабинетинде арыз жаздырып, дароо жумуштан бошоткон. Анын ордуна өзүнүн бригадасындагы С.Уметовду отургузган. С.Уметов бүгүнкү күндө кандай комиссия келсе тосуп алып, чай берип узаткыч милдетти аткарат.

Мурунку ректор А.Абдрашев учурунда бирге иштешкен жана ректорлук шайлоодо аны шайлаган кызматкерлердин тизмесин алдына коюп алган. Жумуштап киргендерди тизмеден карап, анда жок болсо иши бүтөт. Куугунтук болгондордун көпчүлүгү Абдрашевди шайлагандар. ЖАМУнун педагогикалык колледжиндеги бөлүм башчы Талант Нарынбетов эмгек өргүүдө жүргөнүнө карабай, жумуштан кетирип анын ордуна Кочкорбаев Асылбекти (жоролош, жакын досу) алып барып отургузган. Аталган колледжде жердешкарындашы Салибаева Кенже менен аспиранты Абдирашитова Нургүл үчүн атайын кереги жок жерден, жаңы бөлүмдөрдү ачтырып, бөлүм башчы кылып дайындаган.

Чубалжыган узун тизмени карап отуруп, ректордун тууган-туушканын сүйрөмөй оорусу күч экенин байкоого болот. Жалаң гана жакындарынан куралган эмгек жамаатын башкаргандан кандай ырахат алаары да белгисиз. Мынча болду, Жалал-Абад мамлекеттик университети дебей эле, “ЖалалАбад усеновдук университети”  деп окуу жайдын аталышын да өзгөртүп албайбы деп ойлонот экенсиң.

Усеновдун тууганын тааныгың келсе, айлыгын сура

Профессордук-окутуучулар курамынын эмгек акысы кескин түрдө кыскарууга учурады. Ар жылы ЖАМУнун кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү боюнча өткөрүлүүчү аттестациянын шарттары жыл сайын аттестациядан өтүү алдында өзгөртүлөт. Анысына да окутуучулар макул, жумуштан айрылышпаса болду. А ректор эч кимдин кыңк этпесин билип алганга, өзүнө караштуулардын гана эмгек акысын көтөрүү боюнча баллдык үстөк пайызын жогорулатып келе жатат. Бирдей эле кызмат орунда отуруп, бирдей милдет аткарган кызматкерлердин эмгек акылары ар башка суммада берилет.

2017-2018-окуу жылындагы аттестацияда жердештери кафедра башчы жана илимдин кандидаттары С.Сакиева, К.Ураимов, Г.Токтогулова, К.Исмаиловдорго -50%, ал эми катардагы окутуучу Р.Төрөгуловага 40% коюп, маяналарын жогорулатып, калган даражасы бар профессордук-окутуучулар курамына 5-15%дан эмгек акыларын коштурган. Университеттин “Ак үйүндө” отургандардын эмгек акыларына жыл жыйынтыгында аттестация деген шылтоо менен кошулган үстөк пайызы төмөнкүдөй.

— Ректор К.Усенов- 100% — Окуу иштери боюнча проректор А.Алибаев -100% — Илим иштери боюнча проректор К.Алыбаев — 100%

— Практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы Ж.Куваков -100% — Окуу бөлүмүнүн башчысы З.Сакбаева – 85%

— Окуу бөлүмүнүн башкы инспектору М.Маткеримова -70%

— Конфуций институтунун директору М.Шакирова – 80%

— Социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор А.Дооронова -60%

— Окуу бөлүмүнүн инспектору А.Мирзахмедова- 60%

— Окуу бөлүмүнүн инспектору Т.Эргешова -60%

— Сапат бөлүмүнүн инспектору Н.Айтикеев -60% — Сапат бөлүмүнүн башкы инспектору Г.Токоева – 85% — Сапат бөлүмүнүн инспектору Б.Баймырзаева -50%

— ЖАМУнун борбордоштурулган маалымат бөлүмүнүн башчысы А.Термечикова – 60%

Калган профессордук-окутуучулар курамынын көпчүлүгүнүн эмгек акысына кошулган үстөк акча 5% дан 15% чейин.

Эмгек акылар кескин түрдө кыскарып кеткен. Өздөрүнө караштуу болгон окутуучулардын эмгек акыларына үстөк пайызды кошуп коюшат. Кыскасы, Усеновго ким караштуу экенин билгиң келсе, алгач айлыгын сура дегендей эле кеп. “Колуңардан эмне келет?” – дегенсип, ректор өзү токуган мыйзамдар менен “аралчасында” өзү каалагандай күн өткөрүүдө. Билим сапаты көтөрүлбөй эле мектептен да төмөн түшүп, майдаланып, бөлүнүп-чабышып жаткан кайран ЖАМУ.

Аэлита САТЫНДИЕВА

Булак: “Майдан. kg” гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу