Расул Үмбөталиев, эксперт: «Премьер-министр шалаакы болуп жатат»

— Расул мырза , кечээ иштеринен жакшы жыйынтык чыгара албаган айрым министрлер алмашты. Жаңы дайындалган министрлер учун премьер-министр өзу жоопкер болоорун айтканы депутаттарды колдоого аргасыз кылдыбы же алардын ишенимин жогорулаттыбы?

— Жаңы дайындалган министрлер деле аларды сунуштаган премьер-министр деле мындан ары ишин мыкты аткарат, айткан сөзүнө турат, берген убадасын эсинен чыгарбайт деп ойлобойм. Анткени ишинен жыйынтык чыгара албай кызматтан кеткен министрлерди деле премьер-министр өзү тандаган. Алар ишенимди аткармак турсун, толук кандуу иштеп бере алышкан жок. Премьер-министр бу сапар өзү сунуштаган министрлер учун жоопкерчиликти мойнуна алаарын билдирип, “Өзүм бекиттим, өзүм тандадым, өзүм жооп берем” – деди . Бирок ал сөз иш илгерилейт дегенден деле кабар бербейт. Башкача айтканда , эптеп иштеп туралы , убакыт бергиле дегенди эле түшүндүрөт. Эгер премьер- министр өзү алып келген кадрлар үчүн жоопкерчиликти мойнуна алганды билсе , ишин жөндөй албаган кызматтан кеткен министрлер үчүн да жооп бермек. Анткени өкмөт коллегиялуу орган. Бири-биринин катачылыгы учун жооп бериши керек болчу.

— Жаңы дайындалган министрлердин арасында өз ишин мыкты билет деп ишеним арта турган адистер барбы ?

— Жаңы дайындалган Айыл чарба министри ошол министрликте бир канча убакыттан бери орун басарлык кызматты аткарып жүргөн адам. Орун басар министр болгондо нени кыйратат эле? Кыйын, мыкты адис болсо орун басар кезинде эле ошол тармактын жүгүн жецилдетип, ишин илгерилетет эле го. Ошондой эле дагы бир бакыйган министрлик кызматка бекиген Санжар Мукамбетов деген адамдын иштебеген жери калган эмес . Канча жерде иштесе да, бир да жерде өзүн адис катары көрсөткөн эмес . Эми ошондой ортозаар кадрдан кайсы жакшылыкты күтүп министр кылышканын билбейм. Татыксыз министрлердин катарын Догоев да толуктайт . Догоевдин коррупциялык иштерге күбө катары суралып жүргөнүн эске албай , кайра бакыйтып министр кылып бекитип коюшту. Татыксыз министрлер иштин илгерилешине эмес, иштин тоскоолдукка учурашына көбүрөөк салым кошот. Башкача айтканда, чабал өкмөттү ого бетер чабалдантат. Элдин бийликке болгон ишенимин ого бетер жоготушат.

— Жаңы дайындоолордон кийин буга чейинки өкмөттүн отставкасын талап кылган маселелер артка чегинди десек болобу?

— Ошондой десек да болот. Анткени өкмөт башчынын калпыстыктарга жол бергени , ишин жөндөй албай жатканы баарыбызга көрүнүп турса дагы , эмнегедир президент аны колдоого алып, керек болсо парламенттен колдоп берууну өтүнгөн эле. Президенттин премьер- министрге көзү түз болуп турган үчүн анын эсепсиз катачылыктарына да анчалык маани берилбей , реакция жасалбай жатат. Болбосо , ал туура эмес иштерге жол бергени , президенттин сөзүнө каршы иш кылганы үчүн эбак эле отставкага кетиши керек болчу. Бирок отставка маселеси баары бир күчүндө калат. Президент канчалык жөлөп-таяганы менен премьер-министр шалаакы болуп жатат. Парламент, президент өкмөт башчыны кош колдоп колдосо да, болгон шартты түзүп берсе да өкмөт башчы ишин жөндөй албай жатат. Иштегенине бир жылдан ашык убакыт болсо да ишинен жарытылуу майнап чыгара алган жок. Бир жылдан бери ишин илгерилетип кете албаганы аз келгенсип , реформаны эми баштайм деп жылмаюуга аргасыз кылды. Бир жылда кыйратпаган ишти эми жасамак беле? Абылгазиевдин оюнда реформа жасаш керек деген түшүнүк болсо эбак эле баштап, анын жыйынтыгын эл көрө баштайт эле го. Президент да, премьер да канчалык жанталашпасын Абылгазиев күзгө чейин эле иштейт. Анын былык иштери андан ары иштешине жол ачпайт. Эгер президент тийиштуу чара көрбөсө, коомчулуктун нааразычылыгы кучөп, бийликке болгон ишеним мындан да төмөндөйт. Кыскасы, президент күздө премьерди өзү кызматтан кетирүүгө аргасыз болгон жагдайлар жаралат.

— Баса, президент тууганчылыкка жол бербейм дегени менен мамлекетти премьер- министрдин бажалары тейлеп жатканы ачыкка чыгып кетти. Эми президент менин сөзүмдү колдоого алмак тургай каршы иштеди деп ага чара көрүшү керекпи?

— Негизи президент премьердин бул кылыгына чара көрүп, кечиримсиз иш кылдың деп жазалашы керек болчу. Бирок эмнегедир президент аны тоготпогондой мамиле жасаган премьер-министрге жумшак мамиле кылып, аны аяп жаткандай. Болбосо, анын бир эле былыгы чыкканда чара көрүп, кызматтан алмак. Элге жакпаган чечимдерди чыгарып, элге каршы иштер менен алек болгон премьерди бажасын, бажасынын баласын, балдызын, кайын эжесин ишке коюп, аларга өкмөттөн акча бөлдүргөнү үчүн абийири болсо премьер өзү отставкага кетиши керек эле. Ал болсо өзү кызматтан кетпештин аракетин кылып, башкаларды кызматтан алып жолун тазалады. Бирок премьер- министр канчалык жанталашпасын анда убакыт да, мумкунчулук да калган жок.

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу