Расул Үмбөталиев, отун-энергетика тармагы боюнча эксперт: “Миллиарддаган сомдорго чейин коррупциялык талап-тоноолор болууда”

– Расул мырза, ТЭЦтен сырткары коррупцияга белчесинен баткан ири долбоорлор жокпу, же коомчулук билбейби, ушу жөнүндө айтып берсеңиз?

– Кантип жок, толтура. Кайсы бирин айталы, «Камбар-Ата II» ГЭСинен баштайлы. Бул 2009-жылы башталган. Максим Бакиев баш болуп, иш башталып, Россиядан техникалык грант 300 миллион АКШ доллары келген. Анын ичинен 100 млн. долларды «Камбар-Ата II» ГЭСине жумшап, жарымы уурдалып, тонолуп кеткен. Ошентип ГЭС курулбай калган.

– Убактылуу өкмөт учурунда бул маселеге кайрадан кайрылгандай болушту беле?

– 2010-жылы Убактылуу өкмөт токтомдун негизинде бул маселеге кайрылып, «Камбар-Ата II» ГЭСи курулуп, ал жакка 1 млрд. 230 млн. сом жумшалып, ал дагы толугу менен курулган эмес. Акчалар таланып-тонолуп кеткен. АО «Гидроэлектростанция», АО «Нарын Гидроэнергостройго» жогорудагы сумманы насыя катары берип коюп, аягы жок болгон.

– Жогорку Нарын ГЭСи боюнча эмне айта аласыз?

– Бул жерде Россия-Кыргызстан энергетика министрлиги ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, Жогорку Нарын ГЭСи менен «Русгидро» келишим түзүшкөн. Ошол долбоордо 37 млн. доллардын коррупциялык схемалардын негизинде 12-13 млн. доллары уурдалып кеткен. Анын арты менен эки тараптан келишпестиктер орун алып, кесепетинде 2016-жылы денонсация болгон.

– Бу жерде «Лиглас» компаниясынын кандай тиешеси бар эле?

– «Жогорку Нарын ГЭСти курабыз» деп Чехиянын «Лиглас» компаниясы келип, келишим түзүлгөн. Дүйнөлүк биржага тизмени чыгарып, 2-3 млн. доллар каражат тапкан. Чындыгында эч кандай курулуш болгон эмес. Кыргыз өкмөтү, Айбек Калиев, Дүйшөнбек Зилалиев баш болуп энергетика тармагындагы башчылар мурунку экс-президент менен уят болушкан, а ГЭС курулбай калган.

– Казак көмүрү тууралуу да коррупциялык жүрүштөр болгону айтылып келет. Бул боюнча эмне дейт элеңиз?

– Аа, бул дагы ири коррупциялык долбоорлордун катарын толуктайт. ТЭЦке 9 миң тоннадан 400 миң тоннага чейин көмүр апкелишчү. Не дегенде, мурунку жетекчилер, экс-президент Алмаз Атамбаев менен экс-премьер-министр Сапар Исаков, Айбек Калиевдер «ТЭЦтеги модернизация бүткөндөн кийин биз Казакстандан бир да тонна көмүр албайбыз. Өзүбүздөн өндүрүлгөн гана көмүр жетиштүү болот» деп убада беришкен. Ал убада аткарылбады. «Албайбыз» деп коюшуп, кымбат баада көмүрүн алышууда. Эмне дегенде, а жерде түздөн-түз алганда 36 доллардан айланмак бир тоннасы. Тилекке каршы, Кыргызстандын ортомчу компаниялары 53-56 доллар менен апкелишип, түшүрүп атышат. Ошондо ар тоннадан 18-20 доллардан мамлекетке зыян келүүдө. Эсептеп келгенибизде бир жылдын ичинде 600 миллиондон бир жарым миллиард сомго чейин зыян тартып атабыз.

– «Ортомчу компаниялар» деп кеттиңиз, биздин электр тармагында да бар экен го?..

– Түшүндүм, электр тармагында «коммерциялык-техникалык жоготуулар» деп 13-14 пайыз кылышууда. Кыргызстандын улуттук электр тармагы «коммерциялык-техникалык жоготууларды» ойлоп табышыптыр, дүйнө боюнча андай термин жок. Дүйнөлүк практикада «коммерция» дебей эле 6 пайыз жоготуулар кездешет. А бизде 14-20 пайызга чейин чыгып кетүүдө. «6 пайыздан калганын уурдап-тоноо…» деп эсептелет. Кыскасы, жогорудагы мен айткан «кыңыр иштерди» кайрадан текшертиш керек…

Сурат Жылкычиев
Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу