Раиса Атамбаева светтин акчасы неге кымбат деп чыр салып жүрөбү?

Экс-ажо президент кезинде өлкөбүздүн баардык тармактарынан көмүскөдө жеке киреше алып жүргөнү жашыруун деле эмес. Бажы тармагынан аябай жакшы “киреше” таап келгени да көп айтылчу, албетте өзүнүн кадрларын коюу аркылуу. Негизи эле анын ишенимдүү адамдары – И. Илмиянов, С. Исаков, А. Ибраимов, К. Кулматов сыяктуулар “кожоюну” болгон А. Атамбаевдин жеке чөнтөгүнө ар кайсыл тармактан “левый” жол менен табылган ири суммадагы акча каражаттарын салып турушчу.

Булардан тышкары А. Атамбаев аба мейкиндиги аркылуу да мыйзамсыз жол менен ири суммада акча таап келгени белгилүү болгон. Мисалы, өткөн жылы “Манас” аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ айылына кулаган учактагы жүк Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык экени айтылып жүрөт. Ал учак кырсыкка учураганга чейин андай рейсти 52 жолу жасаган экен. Ар бир рейстеги жүктөрдүн баасы 250 млн доллар турчу экен. Ошондо анын 10%ы эле пайда болгондо, АШАнын чөнтөгү ар бир рейстен 25 млн доллардан пайда таап турган.

Мына ушундай май көл-сүт көл жашоого көнүп алган АШАнын учурдагы финансылык абалы бир аз чатак болуп турат дешет. Албетте, ал дагы деле миллиардер, бирок мурдагыдай күргүштөп кирип турган акча жок болгондуктан, өзүнүн басып койгон акчаларын жок кылгысы келбей А. Атамбаев кыйла “кыйналып” турат дешет.

Ошентип арам жол менен келип туруучу акчалар келбей калгандан бери А. Атамбаев “Форумда” иштеген кызматкерлеринин айрымдарын кетирип, айрымдарынын айлык акыларын азайтып атат экен. Ал эми анын аялы Раиса Атамбаева болсо “Сваеттин акчасы неге кымбат, неге жылуулуктун баасы кымбат, неге тазалыктын баасы кымбат” деп эле коммуналдык төлөмдөрдү төлөгүсү келбей ар ким менен урушуп жүргөнүн айтышууда. Кыязы, ал ошол светтин, жылуулуктун баасы А. Атамбаевдин убагында кымбаттаганын билбейт окшойт. Ал кезде арам жол менен табылган акчалар күргүштөп кирип турганынан улам коммуналдык төлөмдөр тууралуу ойлонуп да коюшпаса керек да.

Макала Фейсбуктагы төмөнкү группадан алынды:

https://www.facebook.com/335238873972742/photos/a.335241713972458/335944587235504/?type=3&theater

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу