Раим миллион сүттөн акпы?

Мурунку бийликтин кезинде ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев бажыдагы коррупция болуп көрбөгөндөй өскөнүн айткан эле. Жылына 22 миллиард сомго мамлекет зыян тартып атканын баса белгилеген. Бул каражатка мугалимдердин айлыгын 2 эсе, саламаттыкты сактоо министрлигинин бюджетин 5 эсе, пенсияны болсо 50 пайызга көтөрсө болоорун айткан эле. Ошол Раим миллион каймана атка конгон салык кызматынын мурунку орун басары жакында соттон акталды. Аны кезинде Сапар Исаков коррупцияга айыптап кызматтан алган эле. Бирок Раим Матраимов сүттөн ак эмесин коомчулук жакшы билет. Колунан кармап албагандан кийин ууру деп айтыш кыйын. Бирок мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп кандайча миллиондорду топтойт? Бул жерде толтура суроо бар экендигин баары эле түшүнүп турат. Айрым саясатчылар бир кезде мурунку бийлик менен бөлүшүп турчу деген ойду кыйытышууда. Азыр кантип атат болду экен? Соттон утуп алса да аны мурунку ордуна кайра коюудан өкмөт эмнегедир тартынып тургансыйт. Президент анын байлыгы кайдан келгендиги текшериле тургандыгын айтты. Күтө туралы…

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу