Раим келатат, «мурдуңарды» тарткыла…

Азыркы тапта «Раим Миллион» атыккан Раим Матраимовдун Кара-Сууда атасына арнап өткөргөн турниринен башка сөз деле болгон жок. Сөз болбогондо кантсин, Кыргыз элитасынын жарымы, депутаттын баарысы ошол жакта жүрсө. Ааламга аты белгилүү болгон Айтматовдун мааракесине барбагандарды ошол жактан көрүп атса, аргасы куруп айтпаганда не десин? Анын үстүнө азыркынын «ап» эткендеринин алдыңкы сабында айтылып, аз жерден камалып, бирок азыркы бийликтегилерге кай бир кездеги «жакшылыктары» үчүн акталып кетти деп жаткан Раим Матраимовдун тоюна барып жатышса.
Барганын барып, эт чучука канып, ооздору майланып, анан калса байланып да калышты. Коомчулуктун катуу сын-пикирине беттери кызарбаган депутаттар, биринен сала бири, Матраимовдорго сөз тийгизгилери келишпейт.

Актануу эмес, сактануу

Депутат Руслан Казакбаев ал иш чара өткөнгө чейин эле эки күн мурда ошол жакта болгонун айтат. Аны кесиптеши Искендер Матраимов чакырганын айтып, анан калса Жеңиш күңдүн урматына ардагерлерди куттуктоо салтанаты да бар болгонун кошумчалайт. «Мен бир эле Искендер Матраимовдун эмес, баардык кесиптештеримдин уюштурган иш чараларына катышам. Ал эми Искендер Матраимов менен өзгөчө мамилем дагы бар»-дейт Казакбаев. Кысталактыкы десе, Раим болбосо Искендер акесинин канчалык кадыры болот эле ким билсин. Андан да мыктылардын кадыры үчүн мынчалык ЖК тизе бүккөн эмес эле, кептин баары башкада болуп жүрбөсүн. Барганыңарга «бали» деген киши жок, жок дегенде ошол жагын ойлонуп, этика, норма дегенди ойлонуп койгонуңар оң болмок.

Ал эми, «сексилю» жаңы каймана ысымы менен атагы таш жарган, кечээ эле дагы бирди башына «мүш» кылган, такалып сүйлөгөн Тазабек Икрамов деле Казакбаевден калышпай кесиптеши үчүн эле барганын, анан калса ары жакта Зулпукаров дагы бир нерсе уюштуруп, ал жайдан да кабар алганга барганын айтып, бирок Матраимовго сөз тийгизбей «эми андай адамдар баарына эле жага бербейт»-деп, элдик депутат экенин эсинен чыгарып, элдин кайсыл бир бөлүгүн, коомдук пикирди «покко» теңегендей эле сөз кылды. Туура, элдин баарына жагуу, жакпоо алардын милдети эмес. Элди экиге бөлүү анын пайыздык көрсөткүчүнөн билинбейт. Коомдо катуу сын-пикир барбы, ал бирөөбү, экөөбү анын сан-сыпатын санап олтуруу депутаттын милдети эмес. Анан калса Раим Матраимов тууралуу буга чейин кандай ойлор айтылып келгенин Икрамов эле билбей калбаса, коомдун калың катмары канчадан бери кызуу талкуулап келе жатканын депутат катары сезиш керек эле. Ооба, аныгында анын коррупционер же меценат экенин сот аныктайт. Бирок, жалпы коом шектүү жагдайларда, кайсыл бир себептерге таянып аны ириде өздөрү шайлаган элдик депутаттардан талап кылат, депутат эл мүдөөсүн канаттантып, аны көтөрүп айтып чыгат. Ал эми аны ишке ашыруу аткаруу кызматынын милдети. Калыс эмес чечилеби, кайра айтат. Анан эле сотторго шылтап, чечимди эле күтүп калса, элдин мүдөөсүн, талаптарын ким аткарат жана аткартат. «Калк айтса калп айтпайт» деп, Эл айтып атат деп кыйкырган депутаттар керек учурда элге таянып, мындайда «эл айта берет, баарына жакпайсың» деп турса, анда эл атынан берилген мандат ким үчүн? Тапшырып берсин да.

Эл депутаттарынын ичинде Эл сыйлагандар да жок эмес экен. Анын бири Алманбет Шыкмаматов. Баары сыяктуу барганын, башкалардай эле Искендер кесиптешин сыйлаганынан барыптыр. Эл айтып аткан Раимдин агасы экенин аз жерден унутуп калыптыр. Кейип жатат, «көк чай ичип, көмкөрөм түшүп уялып атам» дейт Шыкмаматов. Жок дегенде ошону айтып кое албай, кыз депутаттарыбыз да баш болуп, мурдуна чүлүк салынып, «биз Матраимовдорду билбейт экенбиз, укмуш жардам бериптир, эл колдойт экен»-деп отурат. Келгиле анда, Кыргызстандын байлыктарын, ырыскысын жарыша жеп, ар кимибиз тапкан-ташыганыбызды өз жерибизге жумшап, көөдөн көтөрүп көмөчүбүзгө күл тарталы. Ким мыкты, ким элге эмне кылды деп, Эт тартканыбыздан тарта мактаналы, тонойлу, казынаны какшыталы. Деңгээлибизди мамлекеттин казынасынын мыктылыгынан курулган имараттардан эмес, коррупционерлердин колунан кылынган иштер менен отчет берели. Эл ишенген Эл депутаттары «ушундай байлыкты кайдан күтүптүр, кай жактан келиптир, картөшкө айдаптырбы, сабиз сатат бекен, уй, кой багып, этин Ташкентке ташыйт бекен»-дей албай, бүгүн коомдун тең жарымы шек санап турган Раим Миллиондун адвокатына айланышты да калышты. Анан, Эл кимге ишенип, кимге карап түздөнөт эле?

Баймырза НАКАЙ

Булак: «Факты.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу