Равшан Жээнбеков: «Атамбаевди элдик трибунал соттош керек»

Коомдук ишмер Равшан Жээнбеков Алмазбек Атамбаевге чабуул күчөгөндөн кийин чээнге киргендей дымып калды. Коомчулукта «жүрөгү үшүп» өзүнүн керт башын ойлоп, «тилин тишине катты» деген сындар айтылды. Ошондон кийин үн катпай отургандан уялдыбы:

«Талкаланган укуктук жана соттук система мурдагы президентке, премьер-министрлерге, ЖК төрагасына жана министрлерге күнөө коюп соттой албайт. Укуктук соттук система реформаланганга чейин жогорудагы коомдук саясий маанилүү кызматтагы адамдарды элдик трибунал соттосо туура болот. Ал эми ал трибуналда мамлекеттик күнөөнү Генералдык прокурор өзү жеке камсыз кылышы керек. Бул жол убактылуу адилеттүүлүктү камсыз кылат. Генералдык прокурордун жеке жоопкерчилиги аркылуу укук коргоо органдарынын жоопкерчилигин күчөтөт. Өлкөгө саясий стабилдүүлүк жаратат» — деген ак-карасы ажыратылбаган, максаты бүдөмүк оюн айтымыш болду.

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу