Равшан Жээнбековдун байлыктары жарым миллиарддан ашабы?

“Балыкчылар”  издешпей табышканда…

Күчүк кезинде койнуна салып жүрүп чоңойтуп, болуп көрбөгөндөй байыганга мүмкүнчүлүк берсе, ал ырысына баштары айланып, “чыбыктарын”  чыгарып алып, атасындай  жакшылык кылгандарды кубалагандар Акаевдин тушунда көп болгон. Алардын бири  —  Равшан Жээнбеков. Ал Акайычтын сүйүктүү аспиранты Кубанычбек  Жумалиевге  жардамчы болгондон багы ачылды. Анын жардамы менен эки жылдан ашык  мамлекеттик  мүлк фондусун жетектегенде Кыргызстандагы эң бай адамдардын бирине  гана эмес, Акайычтын  душманына айланды. Анткени, эжекеси менен жездекесинин “бул эки  жылдын ичинде  оокатын аябай  эле оңдоп алды,  эми ордуна башка бирөө иштесин”,- дегенден  кийин  демократ болуп  чыга калды. Ошондон  бери кубулма демократ болуп келатат. Анын эңсегени премьер-министр, жок дегенде биринчи-вице болуу же Бажы, Салык кызматтары сыяктуу майлуу-сүттүү жерлерди  жетектөө. Бийлик алмашкан сайын алардан  үмүт кылат, бийлик ээлерине түз, көбүнчө  кыйыр реверанстарды жасайт, анысы эске алынбагандан кийин оппозициячылдарга кошулат. К.Бакиевди ээрчиди эле, анысы элчиликтен башка эч нерсе бербей койгондон кийин  “фронтчуларга” кошулду. Каматаарында АКШга качып кетип кутулду. Андан келип  Ө.Текебаевге кошулуп, ЖКга депутат болгондон кийин анын да  аягына чычты. Экөөсү 50 миң доллардын чатагын али күнчө чечише элек.

Бир жылдай С.Жээнбековду шынаарлап, эңсегендери берилбегенден кийин  ал бийликте турганда пансионатынын кампасы өрттөлүп, жер боюнча чатактары башталган экс-президентке өтө качты. Кыргызга  миң жылда бир келчү апаатка теңештирилип, коррупциянын, мамлекетке, элге чыккынчылыктын символуна айланган адамдын этегине  жабышкандыгына караганда анын башка карманар жери калбай, атүгүл өзүн өзү сактоо инстинкти дегенден да биротоло ажырап калса керек. Болбосо, акыл-эси ордунда турган адам АШАга жакындайбы? АШАга го баары бир, азыр шайтандын куйругун деле кармаганга даяр турат. Бирок ага ашына болом деп, анын авантюраларына аралаша коюп, ал мүйүздүү болууну эңсеп жүрүп, кулагынан ажыраган торпоктой  болуп калсачы? Андай абалда калуунун  шансы 95 пайыз. Өлкөдө гана эмес, ОДКБнын, ШКУнун алкактарында саясый, психологиялык кырдаал кескин өзгөрүп, ал  мурдагыдай басмачылык кылууну  эңсегендерге  каршы багытталып калгандыгын, абайлашпаса, оңой эле күйүп кетишээрин  түшүнбөйбү?

Эгерде ал арты таптаза, Топчубек Тургуналиевдей “түбөлүк демократтардан” болсо, биз сыйламакпыз, дарегине жаман сөз айтмак эмеспиз. Эч кандай факты болбосо, бирөөнүн дарегине жаман сөздү кантип айтасың. Бирок, “шибегени капка ката албайсың” дегендей, анын арт жагына саресеп салсаң эле шектүү нерселер жабырап чыга баштагандыгын көрүп, ынсабы жоктордо ыйман да болбойт турбайбы дегенге аргасыз  болот экенсиң.

Равшан Жээнбeков мынча байлыктарды кайдан тапкан?

Бул адамдын өзү же жакындары бизнес менен алектенген эмес. Мүмкүн, алектенишсе деле күркөчүлөрдүн деңгээлдеринен чыгышпаган, ага салык кызматынын 2000-жылдардан берки маалыматтарына саресеп салган жетишет. Бирок  алардын менчиктериндеги топтогон кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрү алар акыркы жылдарда тапкан расмий кирешелерден бир нече миң эсе ашып түшөт. Анда эмесе көңүл буруңуздар:

Р.Жээнбековдун аялы С.Алимбаевага Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Асыл-Таш” пансионаты  19 гектар жери менен таандык. Рыноктук баасы – 400 млн. сомду түзөт.  Анын жеринин бир бөлүгүн башкалар талашып жатат, анда укуктук  маселелер бар деп угабыз, бирок анын “маселеси” жок бөлүгүн Р.Жээнбеков 2016-жылы 6 млн. долларга сатууга аракеттенип, негедир ал ишке ашкан эмес.

Мындан сырткары, С.Алимбаевага Бишкектин Эркиндик көчөсүндөгү № 9 үйдөгү базардык  баасы 9 млн.  сомдук  №14-батир, И.Ахунбаев көчөсүндөгү №83  баасы 7 млн. сомдук  үй, “Тойота Венза” маркасындагы 2009-жылы чыгарылган  В9696АЕ  автоунаасы, өзүнө “Шевроле Субурбан” маркасындагы 2008-жылы чыгарылган В1365А намериндеги автоунаа, кызы Равшан кызы Айсулууга Бишкектин Тимирязев көчөсүндөгү №80 үйдөгү баасы 8 млн. 300 миң сомдук  №14 батир,  аялынын эжеси М.Алимбаевага Бишкектин Рыскулов көчөсүндөгү №34-үйдөгү  баасы 9 млн. сомдон ашыкты түзгөн  №1 батирБөкөнбаев көчөсүндөгү №192 үйдөгү баасы 8 млн. сомдук №31 батир,  анын сиңдиси А.Алимбаевага Бишкектин Ашхабад көчөсүндөгү  баасы 14 млн. сомдон ашкан  №11 үй, кайын энеси Рахима Алимбаевага  Аламүдүн  районундагы  “Сейил” эс алуу  зонасындагы  0,8 жана 4  гектар жерлер катталган. Аталган жерлердин рыноктук баасы – 400 млн. сом.

К.Б.Оморов деген адамдын Р.Жээнбековдун эң жакын досу экендигин, ага жана анын жакындарына да Равшан байкебиздин көп байлыктары  катталгандыгын  ага аралашып жүргөндөр жакшы билишет.  Бишкектин  Пушкин көчөсүндөгү №75 үйдөгү баасы 14 млн. сомдук  “SOHO”  кафеси  К.Оморовдун наамында. Аны күрөөгө коюп, Р.Жээнбеков “Айыл Банктан” 12 пайыздык үстөгү менен 2016-жылы 10 млн. сом кредит алган. Киров суу сактагычынын жээгиндеги жалпы аянты 4 гектарлык  эс алуу зонасын ээликтеген “Эдельвейс-Тур” ЖЧКсы  да К.Оморовго катталган. Ал эми анын эжеси Г.Оморовага Жээнбековдун “Тунгуч” кичи районунун баасы 7 млн.  сомдук  № 81-үйүндөгү кафеси, Бишкектин Түштүк-Батыш аймагындагы  1 гектар жер, Асанбай кичи районундагы №28 үйдөгү  баасы 7 млн. сомдук №1  батир, Бишкектин Пожарский көчөсүндөгү № 57 үйдөгү   жалпы баасы 9 млн.  сомдук №2, №3, № 5 батирлер жазылган. Ал эми Р.Жээнбековдун бизнестеги өнөктөшү Дост Нур Мухаммедге анын Байтик баатыр көчөсүндөгү №3/2 үйдөгү  баасы 11 млн. сомдук №28 батири катталган.

Ошентип укуктук жактан алганда Р.Жээнбековго бир автоунаадан башка эч нерсе таандык эмес. Мына ушинтип ашкере саксынып, тапкандарынын бардыгын жакындарына  жаздыргандан эле анын аркасы таза эместиги билинип турбайбы. Адатта адамдар  пешене терлери менен тапкандарын эч качан  башкаларга  жаздырышпайт.

Равшан Жээнбеков көмүскөдөгү коррупционердин  өзүбү?

Ошентип,  азыр Р.Жээнбековго жана анын жакындарына, подставаларына жалпысынан  523 млн.  сомдук мүлк, элиталык аймактардагы 5,8 гектар жер аянты, кымбат баалуу эки машина таандык экен. Анын бул тизмеге кирбей калгандары болушу да толук мүмкүн. Аларга  буга чейинки шайлоолорго  жумшаган  чыгымдарын кошсо, миллиардга  жетпесе да да 800-900 миллиондорго барып калат. Мынча суммага Жээнбековдор түгүл, алардын айылдаштарынын көз карандысыздыктан берки алган маяналарын кошсо да жетпейт. Анда ал мынча байлыкты кайдан тапкан?

Анын кайдан тапкандыгын аралашып жүргөндөр, саясатчылар эң сонун билишет.  Башыбызга жүн чыккандан бери эле Кыргызстандагы саясатчылардын байлыктарын кимиси кандай жолдор менен тапкандыгын угуп келебиз. Ал эми Равшан Жээнбеков  “бешиктен бели чыга элек” кезинде Мамлекеттик мүлк Фондусун жетектеп турганда, бир топ объектилерди өздүктөп, 300дөн ашык объектилерди  ит бекерге пулдап, чоң акчаларды жасагандыгы көпчүлүккө маалым.

Тилекке каршы, качкын президенттердин элге кылган эң чоң кыянаттыктары — уурулар, коррупционерлер бекинип, шынып жүрө турган эмес, көчөгө чыгып алып, саясатчыга айланып, элге акыл үйрөтүп, бийликтегилерди  “мага дагы жакшы кызмат бер, мен дагы байыгым келет, болбосо сага бирди көрсөтөм”  деп омуроолой турган эң ыплас системаны түзүп кетишсе, ал үчүнчү, төртүнчү ажолордун  тушунда өнүктү. Эми гана “уурусу күчтүү болсо, мал  ээсин доого жыгат”,  “жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгып алып күркүрөйт” деген система демонтаждалып, сындырылууда. Ал система биротоло талкаланмайынча коом тазарбайт, өлкөбүз ишенимдүү өнүкпөйт.  Президент  С.Жээнбеков  Коопсуздук  кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы отурумунда коррупционерлер элдин, мамлекеттин душмандары катарында эсептелип, аларга коомдо орун болбошу керек, — деди.  Аны эл аябай  колдоп атат, аны  демонстрациялоо, башкаларга сездирүү  үчүн бийликтегилер, аны  колдоочулар   жалпы өлкөдө  коррупцияга  каршы күрөштүн колдоочуларынын  митингин өткөрсө жакшы болмок. Убагында Гейдар Алиев  чечүүчү учурда ошондой ачык чакырык таштап,  байлыктарына, куралдарына  манчыркап ага кысым, басым көрсөткүсү келген элдешкистерин биротоло саясый аренадан  айдап чыккан. Бизге  деле ошол жолду колдонуу аркылуу да  какмар-шакмарлардан, жеп-ичкичтерден, коррупционерлерден  тазаланып алууга мезгил жетти.

Автандил Белеков

Булак: «Майдан.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу