Путин: Орусия АКШ менен тирешкиси келбейт

Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык Кеңештежасаган жылдык кайрылуусунда эл аралык маселелерге да токтолду. Ал «АКШ орто жана кыска аралыкка учкан ракеталарга тыюу салган келишимден чыгып кетсе, Орусия ракеталык системасын кеңейтип, Американы жана анын союздаштарын бутага алышы мүмкүнбү?» деген суроого жооп берди.

“Адегенде АКШ биздин курал системабыздын канча аралыкка учарын жана ылдамдыгын эсептеп чыксын. Анан биздин дарегибизге айтылып жаткан опуза боюнча чечим кабыл алсын”, – деди Путин. Вашингтондун «Орусия келишимдеги милдеттенмелерин бузуп жатат” деген дооматын ал “ойдон чыгарылган” деп баалады.

Путин Кошмо Штаттардын өнөктөштөрү бул маселеде Вашингтонго “кошомат кылып жатат” деп сындады. Орус лидеринин бул сөзү кол чабуулар менен коштолду.

Орус лидеринин айтымында, Кошмо Штаттар Орусияга каршы саясат жүргүзүп жатат, Москва болсо Вашингтон менен тирешүүгө кызыкчылыгы жок жана дүйнөдө тынчтыкты каалайт.

Орус армиясынын курал-жарак жагындагы дараметине токтолуп, ал жакында континент аралык “Сармат” ракетасы, өтө жогорку ылдамдыктагы “Авангард” комплекси, “Пересвет” лазердик комплекси жана деңиздеги “Посейдон” аттуу комплекс чыгарыларын жарыялады.

Путин былтыркыдан айырмаланып, бул ирет жаңы куралдардын видео анимациясын көрсөткөн жок.

Тышкы саясатка келгенде орус президенти Беларусь, Кытай, Индия, Жапония жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү менен алакалардын маанисине токтолду. Ошондой эле Евробиримдиктин өлкөлөрү менен «мамилени оңдойбуз» деген ниетин билдирди.

Путин бул жолку кайрылуусунда Украина менен Сирияны атаган жок.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу