Путин менен Мирзиёевге жабышкан, бийликке кашынган АША оңбой калды…

Ар кайсы мамлекеттик лидерлерден колдоо издеп, ары-бери чарпылып чуркап жүргөн экс Алмазбек Атамбаев жакында эле Рая аялын өзбек президенти Шавкат Мирзиёевге жабышып, суранып атып, ортомчу кылып жиберди. Рая кайтып келгенден кийин АША экөө кирип-чыккандын баарына эле эми Мирзиёев бизди колдойт деп айтып кубанып алышыптыр, күлкүнү келтирип. Биринчиден, Мирзиёев өзү табиятынан мүнөзү жакшы киши болгондуктан, Атамбаевге аялымды жиберем деп айтса, жок деп так-кесе каршы жооп айта албады. Мейли келсин деп, жылуу кабыл алды. Бирок бул анын меймандостугун, чыныгы лидерлигин жана адамгерчилик сапатын гана айгинелеп турат. Чын-чынына келгенде, бул жерде Мирзиёев эч кандай саясатты көргөн жок, тек гана адамдык мамилелер. Ал эми мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө Мирзиёев расмий бийлик менен тыгыз иштетип, жеке мамилелер менен тышкы саясатты эч качан аралаштырбай турганына баары күбө. Алешка эле адатынча дардаңдап алыптыр, эртелеп. Анысы аз келгенсип, Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келгенде, орустардын чиновниктерин ортого салып, аны менен да жолугайын деп аракет кылыптыр. Путин аны кабыл албай койгондон кийин шалпыйган АША эми оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып, бийликке кашынып, ичи күйгөнүнөн айласын таппай жаткан кези.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу