Путин кайсы футболчуну кумир тутат?

Орусия президенти Владимир Путин Кытайдын эл аралык радиосуна маек куруп жатып, эң жакшы көргөн футболчуларын атады.

Владимир Путин “Менде, сөзсүз түрдө алдыңкы спорт наамдарына татыктуу футболчулар бар. Аларды атай кетсем, орусиялык советтик футболчу Лев Яшин, ал эми чет өлкөлүктөрдөн – Пеле. Мындан тышкары Марадона дагы жакшы ойнойт”,-деп билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону)

Булак:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу