Путин Жээнбеков тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер экенин айтты

Россиянын президенти Жээнбековго бекем ден соолук, бакыт-таалай, бакубаттуулук жана ийгилик каалады

 Россиянын президенти Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу жаңы шайланган президенттин маалымат кызматы билдирди.

Путин өз куттуктоосунда Жээнбеков актуалдуу социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө көп аракет жумшаган тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер экенин белгилеген.

«Чын жүрөгүмдөн Сизди туулган күнүңүз менен куттуктайм! Сиз Кыргызстандын алдында турган актуалдуу социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө көп аракет жумшаган тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер катары кадыр-баркка ээсиз. Жакында болуп өткөн президенттик шайлоодогу Сиздин ишенимдүү жеңишиңиз буга далил боло алат. Конструктивдүү пикир алышууга жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди мындан ары да бекемдөө боюнча Сиз менен биргеликте иштөөгө даярдыгымды тастыктап кетким келет», — деп жазылат куттуктоодо.Россиянын президенти ошондой эле Жээнбековго бекем ден соолук, бакыт-таалай, бакубаттуулук жана ийгилик каалаган.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган.

Ал 15-октябрда болгон президенттик шайлоодо жеңишке жеткен. Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт.

Булак: sputnik.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу