Путин Жээнбековдун айланасына биригүүгө, анын саясатын колдоого алууга чакырды…

Кылым сапары

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган биринчи мамлекеттик иш сапарынын саясый, экономикалык жыйынтыктары жөнүндө

Жыйынтыктар биз күткөндөн да көп болду

Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарына биз  гана эмес, Россия тараптан да чоң маани берилип жаткандыгын февралдын башталышында Тышкы  иштер министри С.Лавров, андан кийин вице-премьердин рангасындагы орус Өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси Константин  Чуйченко келип кетишкенде эле сезгенбиз. Анткени, буга чейин мамлекет башчысынын иш сапарын даярдоого анчалык деңгээлдеги жетекчилердин алдын ала келип кетишкен учурлары болгон эмес.  Бирок, ачыгын айталы, иш сапардын мынчалык деңгээлдеги жана көлөмдөгү жыйынтыктар менен аякталарын саясатчылар, эксперттер, серепчилер  эң оптимисттик вариантта да болжолдой алышпаган.

Владимир Путиндин иш сапарынын жыйынтыктары прагматиктер түгүл, супер оптимисттер күткөндөгүдөн да ашып түштү. КРнын Экономика министри О.Панкратовдун  маалыматтары боюнча, Россия жакынкы жылдарда Кыргызстандын экономикасына жалпы көлөмү 6,2 миллиард доллардан ашык инвестиция жумшаганы жатат. Мындан сырткары, атамекендик 589 миллион долларлык  товарларды экспорттоого контракттар түзүлдү.

Алардын 3,7 миллиард доллары энергетикага, нефти жана газды, тоо кен байлыктарын чалгындоолорго, жаңы обьектилерди курууга, 1,3 миллиард доллары өнөр жай ишканаларын түзүүгө жана иштеп жаткандарын модернизациялоого, 589 миллион доллары айыл чарба продукцияларын өндүрүүнү көбөйтүп, кайра иштетүү жана сактап, экспорттоо тармактарын өнүктүрүүгө жумшалганы жатат. Транспортту өнүктүрүү, банктардын уставдык, кредиттик каражаттарын көбөйтүү, айыл чарба техникаларын алып келүү боюнча да көлөмү 200 миллион доллардын тегерегиндеги  келишимдерге кол коюлду. Буга эки өлкөнүн Билим берүү министрлиги, ректорлор арасындагы келишимдердин каржылык натыйжалары кошулбады, алар эсептелип, такталып жатат.

Булардын баары — түз инвестициялар,  кредиттер жок. Инвестициялык багытта мындай жетишкендик Кыргызстандын жаңы тарыхында биринчи жолу болду. Мурда азыноолак гранттарга, анан узак өлчөмдөрдөгү кредиттерге гана таянып келсек, экономикабызды гана эмес, социалдык чөйрөлөрдү да сапаттык жаңы деңгээлге чыгара  турган ири өлчөмдөгү инвестициялар эми гана келгени жатат.

Россия эми чындап Кыргызстанга бурулду

Көз карандысыздыктан бери Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштөр экендиги жөнүндө ооз көптүрмө жакшы сөздөр аз айтылган эмес, бирок алар конкреттүү иштер менен ырасталбагандыктан ритуалдык сыпаа сөздөрдүн бири катарында кабылданып, девальвацияга да учурай баштаган. Россия Кыргызстанга чыныгы өнөктөш экендигин, геостратегиялык жактан чындап бизге бурулгандыгын Владимир Путин менен бирге жана иш сапардын  алдында бизге министрдин деңгээлинде 10дон ашык жетекчи, Россиянын субьектилеринен 20га жакын жогорку даражадагы мамчиновник, ишкердик түзүмдөрдөн 700гө жакын  жетекчи, Россиянын жогорку окуу  жайларынан 70ке жакын ректорлор жана проректорлор келип, жогорудагыдай келишимдерге, макулдашууларга кол коюлгандыгы  ырастады. Республикабыздын эски, жаңы тарыхтарында Россиядан бир учурда мындай чоң жетекчилер келип, өлкөбүздүн төрт жылдык бюджетине барабар каражатты экономикабызга салууну чечкени да болбогон. Бул Россиянын тышкы саясатында приоритеттер алмашып, ал саясый  жана экономикалык, каржылык мүмкүнчүлүктөрүн биринчи кезекте Евразиялык экономикалык шериктештиктеги өнөктөштүрүнүн экономикаларын өнүктүрүүгө  жумшай баштагандыгын айгинелейт.

Ошентип, Россия Кыргызстандын эл чарбасынын локомотивдерин чындап кыймылга келтиргени жатат. Орус өкмөтү Кыргызстан аркылуу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга  катышууга ниети бардыгын да билдирүүдө.

Күткөнүбүздөн да көп инвестициялар келгени жаткандын себеби эмнеде?

Мамлекеттик иш сапарынын алдында В.Путин Сооронбай  Жээнбековдун өтүнүчү  менен  Россиянын миграция боюнча тартиптерин бузган  мигранттарыбызга акыркы жыл ичинде экинчи жолу амнистия кылып, бир айдын ичинде биздин мекендештер ачыкка чыгып алуусуна шарт түздү. Ал биринчиден, кыргыз бийлигине көрсөткөн чоң урмат болсо, экинчи жагынан, ал биздин жарандарга ондогон миллиондогон сомдук каражаттарды үнөмдөгөнгө, андан да көп суммаларды иштеп тапканга өбөлгө түзөт. Амнистиянын, андан кийинки чечимдин  жардамы менен миңдеген мекендештерибиз Кыргызстанга келип убара болушпастан миграциялык маселелерин Россиянын өзүндө эле чечип алганы жатышат. Орус бийлигинин саясый, экономикалык жана финансылык жактардан биз күткөндөн да чоң батыл чараларга баруусунун себеби эмнеде?

Себеби бирөө эле. Россиянын саясый жетекчилиги бериле тургандарды уурдатпай, белгиленгендерди үзгүлтүктөргө учуратпай, милдеттенмелерине бекем туруп  аткара турган лидерди бизден  көрдү, тапты. Ал учурдагы президент — Сооронбай Жээнбеков. Россиянын жетекчилиги аракеттеги президентибизге мамлекет башчысы, саясатчы, адам катарында толук ишенгендигинен улам гана ушундай кадамдарды жасоодо.

Мурда деле Кыргызстанга чындап көңүл буруу алардын ойлорунда болгон, аны башка республикалардын тажрыйбаларынан көрүп келгенбиз, бирок мурдагы бала-чакалары менен кызаргандардын бардыгын баса калсам деп жутунган,  өйдүк-сөйдүк сүйлөп коюп, ичине бир нерсе кирсе, андан да катуу кеткен жетекчилерибизге, алардын айланасындагы жаланып-жуктанып тургандарга Россиянын бийлиги  ишенген эмес.

КРнын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов В.Путиндин кыргыз бийлигине карата мамилесинин кескин өзгөрүүсүнө жыл башында президент С.Жээнбеков менен Сочиде болгон үч сааттык сүйлөшүүсү себеп болгондугун  маалымдады. Чындыгында В.Путинде Кыргызстандын азыркы бийлигине карата жаңыча жакшы пикир, позиция калыптанбаса, анын бизге карата саясатында азыркыдай кескин өзгөрүү жаралмак, жогорудагыдай масштабдуу инвестициялык долбоорлорго кол коюлмак эмес. Мамлекет башчыларынын ишенимдүү өз ара мамилелери саясый, экономикалык  позитивдерде аябагандай чоң роль ойной тургандыгын В.Путиндин визити дагы бир ирет тастыктады.

“Кымбаттуу коллегалар, мына  Жээнбеков президент болуп 1,5 жарым жылдан бери иштөөдө,- деди В. Путин эки өлкөнүн ишкерлеринин  экономикалык форумунда жыйынтыктап сүйлөгөн сөзүндө. — Бул убакыттын ичинде биздин мамлекеттер аралык байланыштар, аймактар аралык контакттар кескин жакшырды. Кыргызстандын экономикасы ырааттуу өнүгүүдө, темпи жакшы, өз ара байланыштар өнүгүүдө. Мен сиздердин көңүлүңүздөрдү ушуларга жана мында кызматташтыкка жана инвестициялык ишкердүүлүккө ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгүнө  бургум келет. Бул бизнестин өкүлдөрүнө көптү айтып турат…”

Мында Россяинын лидеринин  ачык  айтпаган менен кыйыр түрдө Кыргызстандагы бардык саясый күчтөрдү өз ара тирешүүлөрдү,  ар кандай кутумдуктарды токтотуп,  саясый туруктуулукту камсыз кылып, С.Жээнбековдун айланасына биригүүгө, анын саясатын колдоого алууга чакыргандыгы көрүнүп турат. Россиянын  өтүнүчүн, чакырыгын эске албагандарды эмне күтөрүн да көрүп келатабыз…

Ошентип, Кыргыз-Орус кызматташтыгынын тарыхында эпохалдык деп айтарлык окуялар ишке ашты. Жаңы барак ачылды. Эки тараптуу мамилелер эми чыныгы өнөктөштүк рельске түштү. В.Путиндин мамлекеттик иш сапарынын алкагында жетишилгендер башталыштар, саамалыктар. Эгерде Кыргыз Өкмөтү келишимдегилерди, макулдашылгандарды үзгүлтүккө учуратпай, өнөктөштөр ыраазы боло тургандай  кылып аткарса, Россиядан келе турган инвестициялардын көлөмү мындан да арта тургандыгын бөркүбүздөй көрсөк болот. Бул биздин өкмөт үчүн аябагандай чоң сыноо. Анын  жөндөмү, дарамети макулдашууларды ишке ашыруудан  көрүнгөнү турат.

Автандил Белеков,

Булак: “Майдан. Kg” гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу