Путин “жалган” маалымат үчүн жазалаган мыйзамга кол койду

Орусиянын президенти Владимир Путин массалык маалымат каражаттарында “жалган” маалымат тараткандарга жана Интернетте бийликке, мамлекеттик символдорго акарат келтирген жарандарга айып пул салып, жазага тарткан мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу кабар орус өкмөтүнүн укуктук маалымат порталына жарыяланды.

Кремлдин сынчылары Путин кол койгон эки документти Орусияда «Интернетти чектөө» жана «сөз эркиндигин басуу аракети» катары баалашкан.

Жаңы мыйзамга ылайык, Интернетке «бурмаланган» маалымат чыкса прокуратура «Роскомнадзор» мекемесине кайрылат. Тескөөчү мекеме тиешелүү тараптан маалыматты алып салууну талап кылат, болбосо провайдер аркылуу ал сайтка бөгөт койдурат.

Мыйзам бузган жаран 100 миң рубль, ал эми жооптуу кызматкерлер 200 миңге чейин, юридикалык тарап болсо жарым миллион рублга чейин айып пул тартат.

Ал эми Интернетте мамлекеттик символдорго акарат келтирген жаран 100 миң рублга чейин айып пул төлөйт же 15 күнгө камалат. Эгер экинчи жолу мыйзам бузса 200 миң рублга чейин айып пул салынат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу