Путинге тартууланган тулпарлардын баяны

28-мартта Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын аягында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кесиптешине ат мингизип, тайган ээрчиттирди. Эзелтеден кыргыздын салтында мартабалуу конокторго гана ушундай аргымак тартуулап, кадырлап-сыйлаган.

Ырасын айтканда Путиндин бул жолку сапары өзгөчө болду. Ал Россияда бийликке алгач келген убактысынан бери карай (2000-жылы бийликке келген) Кыргызстанга биринчи ирет мамлекеттик сапар менен келди. Демек, бул сапар тарыхый сапар болуп калды. Андыктан дүйнөлүк деңгээлдеги лидерге, стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Россиянын президентине ат мингизүү жакшы жөрөлгө болду.

Эми ушул ат тууралуу кызык фактыны айта кетели. Мындан 2 жылдан ашыгыраак убакыт мурун Владимир Путин Кыргызстанга сапар менен келгенде ал кездеги мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев да ат мингизген болчу. Көрсө, ал жөн гана базардан 1,5 миң долларга сатылып алынган ат болчу экен. Андан калса документи да болбоптур. Ошондо документи жок атты Путин өлкөдөн кантип чыгарып кете алат эле? Жыйынтыгында ат Кыргызстанда калтырылган.

Ал эми 28-мартта президент Сооронбай Жээнбеков мингизген ат өзгөчө асыл тукумдуу тулпар болуп, анан дагы документи да даяр болгон. Мындай белек албетте Путинди кубандырган жана ал асыл тукум тулпарды өзү менен кошо ала кетти.

Биз муну менен белек берүүнүн да жөрөлгөсүн туура жасоо керек дегенди айткыбыз келди.

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу